DOLON MEDIA

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-январь күнү үйдүн короосундагы дааратканадан 53 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Ал 11-ноябрдан бери дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан.

Кылмышка маркумдун 26 жаштагы уулу шектелүүдө. Ал сурак учурунда арак ичкен атасы менен чырдашып, аны түртүп жибергенде чалкасынан жыгылып, эс-учун жоготуп койгон. Шектүү аны өлдү деп ойлоп, целлофан баштыкты кийгизип, ажатканага таштаган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.