DOLON MEDIA

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды

Адам органдарын өлкөнүн чегинен тышкары сатуу боюнча туруктуу мыйзамсыз канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун аракеттери аныкталды, деп билдирди УКМК. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында адам органдарын сатуу каналын уюштурган К.А.К. аттуу жаран аныкталган. Аталган жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акчаны (80 мин долларга чейин) төлөөг даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Андан ары …

Кыргызстанда бөйрөк саткандар кармалды Толугу менен »

Сибирдин эки аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды

Новосибирск облусунда эмгек мигранттарына таксист, ичимдик жана тамеки сатуучу болуп иштөөгө тыюу салынды. Губернатор Андрей Травниковдун 15-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, бул аймактарда иштеп жаткан ишканалар чет элдик жумушчуларынын санын берүүгө тийиш. Бул “улуттук коопсуздукту, Новосибирск облусунун калкынын өмүрүн жана ден соолугун камсыз кылуу максатында” жасалууда. 16-апрелде Камчатка крайынын губернатору Владимир Солодов патент менен иштеген …

Сибирдин эки аймагында мигранттарга таксист болуп иштөөгө тыюу салынды Толугу менен »

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды

Кыргызстанда айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай же үзгүлтүккө учурап жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышууда. Кээ бир интернет провайдерлерде TikTok иштеп жатат. Андан тышкары VPN менен да ачылууда. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 17-апрелде өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok’ту бөгөттөө боюнча кат жөнөткөн. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу боюнча …

Айрым интернет провайдерлерде TikTok платформасы ачылбай калды Толугу менен »

Казакстанда кыргызстандык музыкантты кыйнаган деген шек менен төрт полициячы кармалды

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши казак Башкы прокуратурасына өттү. Бул тууралуу музыкант Инстаграмдагы баракчасына жазды. Андагы маалыматка ылайык, прокуратуранын эки кызматкери Рузахуновдун кыйноого кабылганын иликтөө үчүн Астанадан Алматыга жиберилген. “Ушул тапта төрт полиция кызматкери кармалып, камакка алынды (алардын бири кыйноо жана зомбулук фактылары болгонун моюнуна алган, экинчиси атайын …

Казакстанда кыргызстандык музыкантты кыйнаган деген шек менен төрт полициячы кармалды Толугу менен »

Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөткөнү айтылган киши өз жанын кыйды

Нарын шаарында окуучу кыздарга бир топ жылдан бери ыдык көрсөтүп келген деп айтылып жаткан адам 14-апрелде муунуп каза болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция буга чейинки маалыматтарды териштирүү уланып жатканын кошумчалады. Инстаграмда Нарында англис тили курсунан сабак берген мугалим бир топ жылдан бери окуучу кыздарга ыдык көрсөтүп келгенин …

Нарында жаш кыздарга ыдык көрсөткөнү айтылган киши өз жанын кыйды Толугу менен »

“Чалбасы кыргыздары” тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылган кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн тагдыры тууралуу баяндаган “Чалбасы кыргыздары” документалдуу тасмасы 27-февралда Чехиянын борбору Прагада изилдөөчүлөрдүн чакан чөйрөсүндө көрсөтүлүп, талкууланды.”Сталиндик депортациялар: кулакка тартылган жана Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар” деген темадагы талкууга тарыхчылар, изилдөөчүлөр жана Чехияда жашаган кыргызстандыктар катышты. Тасманы “Эсимде” изилдөө тобу 2021-жылы Украинанын Херсон, Одесса, Киев аймактарын кыдырып, Кыргызстандын өзүндө да маектерди …

“Чалбасы кыргыздары” тасмасы Чехияда көрсөтүлүп, талкууланды Толугу менен »

Бишкектин соту “24.kg” агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды

Бишкек шаар соту “24.kg” маалымат агенттигинин кылмыш иши боюнча маалыматтарды ачык жарыялоого тыюу салган тергөөчүнүн аракетин жокко чыгаруу боюнча апелляциялык доо арызын карады. Маалымат агенттиги кабарлагандай, шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Адвокат Нурбек Сыдыковдун сөзүнө караганда, “24.kg” агенттигинин жетекчилиги тергөөчүнүн басылмага карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол койдурганы мыйзамсыз …

Бишкектин соту “24.kg” агенттигине кылмыш ишин ачыктоого тыюу салды Толугу менен »

Кочкордун Ак-Чий айылындагы мектепке ашар жолу менен кошумча корпус курулду

Ак-Чий айылдык орто мектебинин директору Эркин Чекирбаевдин айтымында, мектептеги окуу класстар 50 орунга кеңейди. Орто мектеп буга чейин тар болуп келген. Ичи 100 орунга ылайыкталганы менен бөлмөлөр кичине болуп, бир топ эле ынгайсыздыктар жаралчу. Мындан улам айыл эли жана мектеп жамааты ашар жолу менен эски мектепке кошумча имарат улап, окуу класстар 50 орунга кенейди. Эми …

Кочкордун Ак-Чий айылындагы мектепке ашар жолу менен кошумча корпус курулду Толугу менен »

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алды

12-январда кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медал алды. 62 кг чейинки салмак ченинде ал финалда АКШдан келген балбан кыз Кайла Мираклды 7:0 эсебинде утту. Ага чейин АКШлык дагы бир балбан кызды, андан кийин Кытайдын, Орусиянын, Жапониянын спортчуларын утуп финалга чыккан. Бул Айсулуу Тыныбекованын 2024-жылдагы биринчи эл аралык …

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда рейтингдик мелдеште алтын алды Толугу менен »

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин …

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду Толугу менен »