DOLON MEDIA

Курман айт майрамы 16-июнда белгиленет

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, быйылкы Курман айт 16-июнда белгиленет. “7-июнь – жума күн Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 15-июнь – ишемби күнү арапа, 16-июнь – жекшемби күнү Курман айт майрамы”, – деп жазылган муфтияттын маалыматында. Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин жана ажылык зыяраттын соңунда болот. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган. Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Быйыл Орозо айт намазы коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.