DOLON MEDIA

IPI уюму прокурордун 11 журналистти 6 жылдан абакка кесүү өтүнүчүн сындады

Баш кеңсеси Австриянын борбору Вена шаарында жайгашкан “Эл аралык басма сөз институту” (International Press Institute, IPI) уюму Кыргызстанда прокурорлор 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүү боюнча судьяга берген өтүнүчүн сынга алды. Уюмдун X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө алардын ичинен абакта жаткан журналисттер бошотулушу керектиги жазылган. 26-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналистке …

IPI уюму прокурордун 11 журналистти 6 жылдан абакка кесүү өтүнүчүн сындады Толугу менен »

Кыргызстанда “кооз датада” 208 түгөй баш кошту

Кыргызстанда 24-сентябрда 208 түгөй баш кошуп, никесин расмий каттатты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, 24.09.24 сыяктуу “кооз даталар” сүйүү менен бакыттын символу болуп калуу менен бирге, үйлөнүү тойго өзгөчө атмосфера тартуулайт. Бул күн үй-бүлө, тынчтык жана ынтымак күнү менен дал келип, ага өзгөчө маани кошот. “Үй-бүлө күнү, тынчтык, берилгендик жана бири-бирине колдоо …

Кыргызстанда “кооз датада” 208 түгөй баш кошту Толугу менен »

Шашылыш билдирүү: 26-сентябрга карата аба ырайы

Кыргыз гидрометтин маалыматы боюнча: 26-27-сентябрларда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 26-сентябрда жана 27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Иссык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде …

Шашылыш билдирүү: 26-сентябрга карата аба ырайы Толугу менен »

Нарында салыкчылар кармалды

25-сентябрда Нарын облусундагы салык органдарындагы коррупция аныкталды деп билдирди УКМК нын басма сөз кызматы. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын эки салык кызматкери кармалды. Алар Нарын шаарындагы күйүүчү-майлоочу май саткан жеке ишкерлерге мыйзамсыз жеңилдиктерди беришкен деп айыпталышууда. Анын кесепетинен мамлекетке 9 млн 134 миң сомдук зыян келтирилген. Кармалган шектуулөрдүн бири Нарын шаары …

Нарында салыкчылар кармалды Толугу менен »

Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты

Жогорку Кеңеш 25-сентябрдагы сессиясында Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин экс-президент макамын калыбына келтирип берүү боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызын талкуусуз эле четке какты. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 24-сентябрдагы жыйынында ушундай эле токтом кабыл алган. “Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында бир топ кыйынчылыктар болду. Жакшысынан жаманы арбын …

Парламент Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү арызын четке какты Толугу менен »

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда

Ички иштер министрлиги кыймылдаткычынын кубаты 50 кубдан төмөн болгон мопед, мотоциклдер үчүн айдоочулук күбөлүктүн категориясын киргизүүнү сунуштайт. Бул тууралуу министрликтин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байказы Айтикул уулу “Азаттыкка” ырастады. “Мисалы, күбөлүктөгү “А” категориясына кошумча кылып “А1” деген сыяктуу болуп кошулат. Бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Ишке аша турган болсо, …

Айдоочулук күбөлүккө мопед үчүн категория киргизүү сунушталууда Толугу менен »

Нарын: Кум-шагыл араламшасын чыгарган завод ишке кирди

Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүндө кум-шагыл аралашмасын чыгарган завод ишке берилди. Завод “Запин-2”  участкасында жайгашкан. Долбоорду жеке ишкер Акмат Кудайбергенов өз каражатынан ишке ашырып, жалпы инвестициянын көлөмү  350-400 миң долларды түзгөн. Аталган завод до 15 жумуш орду түзулүп, саатына 180 тонна кум-шагыл өндүрөт. Мындан тышкары,  саатына 70-80 куб бетон аралашмасын чыгара турган завод дагы куруу …

Нарын: Кум-шагыл араламшасын чыгарган завод ишке кирди Толугу менен »

Асма көпүрөлөрдүн тегереги тозулду

Нарын шаарынын 64 аймагында жайгашкан эки асма көпүрө коопсуздандырылып, тегереги темир тосмо менен тосулду. Ошондой эле көпүрөнүн Нарын суу жээгин тосуу иштери аткарылды. Маалыматка караганда, ушул эле долбоордун алкагында Ленин №1көп кабаттуу турак жайын айланып өткөн жол салынып, аймактын инфраструктурасы жакшыртылды. Бул жумуштарды аткарууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2 миллион 80 миң сом бөлүнгөн.

Ак-Талаа: Окуучулар китеп менен камсыздалды

Кара-Бүргөн айылындагы орто мектепке демөөрчүлөр тарабынан  69 миң сомго окуу китептери алынды. Аталган айылдын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин директору Гүлкайыр Майрыкееванын айтымында, 2024-2025-окуу жылына карата 9-10-11-класстын окуучулары үчүн Америка Кошмо Штаттарынан келген “Тынчтык корпусунун” ыктыярчысы Алекс Лоу, айылдын тургуну Алмаз Суранбаев жана бир катар ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 90 даана англис китеби алынып берилди. Жалпы …

Ак-Талаа: Окуучулар китеп менен камсыздалды Толугу менен »

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды

Баетов айылында “Таза суу”  долбоору башталып, учурда Кубан Карагулов атындагы көчөдө траншея казуу иштери жүрүүдө. Аталган айыл өкмөттүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Мадина Мыдыкееванын маалыматына караганда,  Баетов айыл өкмөтүнүн З. Ашырбаева көчөсүнүн күн чыгыш тарабына 80 метр тереңдикте 1 скважина казылып бүтүп, өткөрүлүп алынды. “Мындан сырткары БСР тарапка суу тартуу үчүн траншея казылып …

Ак-Талаа: Таза суу долбоору башталды Толугу менен »