Нарын районундагы өзү агып чыгуучу “Куланак” каналынын курулушу уланууда. Бул каналга суу “Куланак” ГЭСинин плотинасынан келет. Учурда жер жумуштарынын 70 пайызга чукулу бүтүп калды. Тагыраагы, узундугу 5 чакырымды түзгөн каналдын тереңдиги 10 метрге чейин казылып, техниканын күчү жетпеген жерлеринде жардыруу жумуштары жасалууда.
“Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугат суусу менен камсыздоо” долбоорунун техникалык көзөмөлдөөчүсү Анарбек Сокеевдин маалыматында, жер жумуштары толук аяктаган соң бетон жумуштары башталат. Жалпы наркы 400 миллион сомду түзгөн долбоор 2026-жылы бүтөт.
“Буга чейин “Куланак” насостук станциясы аркылуу 4 миң 400 гектар жерге суу жетчү. Бул канал курулуп бүтсө жалпы 7200 гектар жер сугат суу менен камсыз болот. Мунун ичинен 2800 гектар аянт жаңы өздөштүрүлөт.
1968-жылы курулган “Куланак” насостук станциясынын эскилиги жетип, жылына ремонт иштерине, жабдыктарын алууга, айлык акыга, электр энергиясына 10-15 миллион сомдун тегерегинде каражат жумшалчу. Насос эскиргенине байланыштуу секундасына 4 метр куб cуу берилчү. Эми өзү агып чыгуучу жаңы канал ишке берилгенде секундасына 7.5 метр куб суу келип, Куланак өрөөнүн сугат суу менен толук камсыздап, үзгүлтүксүз суу берилип турат”,-деди ал.
Учурда 25 ар кандай атайын техникалар иштеп жатат жана курулушка 50дөй адам тартылган. Алар үч маал ысык тамак, жатакана менен камсыздалып, айлык маяналары убагы менен төлөнүп жатат.
Буга чейин канал жээктеп өткөн коктулардын тушуна сел суулары өтүүчү атайын 5 курулмалар салынган. Каналга үч көпүрө курулат, анын экөө Нарын-Баетов унаажолун кесип өтөт.