Нарын облусуна өткөн жылы жалпы 141 миң 378 турист келип, алардан 127 миллион 411 миң 400 сом түшкөн. Бул көрсөткүч 2023-жылга караганда 72 миллион 499 миң 300 сомго көп.
Келген туристтердин 28 миң 310у чет өлкөлөрдөн, тагыраагы 65 өлкөдөн келишкен. Саякатчылардын эң көбү Германиядан 3359, Франциядан 3190, Россиядан 2807, Кытайдан 2531, Америка Кошмо Штатынан 2048, Швейцариядан 1543, Италиядан 1373 турист келип, жыл сайын Теңир-Тоого келген туристтердин саны өсүүдө. Мындан улам облустун 5 жылдык өнүгүү планы иштелип чыгып, тейлөөнү жакшыртуу жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен алардын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир топ долбоорлор ишке ашууда.
Алсак, visitnaryn.com платформасы иштелип чыгып, мобилдик тиркемеси иштелип чыкты. 17 жер участоктору аныкталып, Нарын, Кочкор райондорунун туристтик аймактарына “Теңир-Тоо”, “Сон-Көл” глэмпингдери курулуп кызмат көрсөтүп жатат. Мындан тышкары Кочкор районунун Теңдик айылында жана Нарын шаарынын 64 аймагында салынып жаткан туристтик тейлөө борборлорунун 97 пайыз курулушу аяктады. Бул борборлор ишке берилгенде эл аралык талаптарга ылайык тейлөөгө шарт түзүлөт.
Нарында 308 туристтик субьекти каттоодон өтсө, 182 субьекти активдүү иш алып барат.