Коңорчок айылынын тургундары, айылдын имамы Жаныбек Мамытбековго автоунаа белек кылышты.
Коңорчок айылынын айыл башчысы Калыгул Төкөновдун маалыматына караганда, Ж.Мамытбеков 15 жылдан бери айылдын имамы катары кызмат көрсөтүп келет. Коңорчок айылынын тургундары каражат чогултушуп, чогулган акчага 860 миң сомго “Subaru Forester” үлгүсүндөгү унааны салтанаттуу тапшырышты. Ошондой эле ушул эле айылдын тургуну жеке ишкер Мирбек уулу Нурчик имамга умра сапарына жолдомонун сертификатын ыйгарды.