25-26-январь кундөрү Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында Жумгал районунун XIII республикалык ачык кубогу өттү.
Мелдешке Ысык-Көл облусунан эки, Жумгал районунан төрт, Нарын шаарынан келген бир, жалпы 7 команда муз үстүндө күч сынашты. Жалпы байге фонду 300 миң сомду түзгөн оюндун жыйынтыгында Нарын шаарынан барган “Нарын шумкарлары” командасы биринчи орунду камсыздап, кубок жана 70 миң сом байгени ээлешсе, Жумгалдын борбору Чаектин “Жумгал-Шортон” командасы экинчи орунга татып 45 миң сомго татыктуу болушту. Ал эми үчүнчү орунга Миң-Куш айылынан чыккан “Миң-Куш” командасы ээ болуп 30 миң сом, төртүнчү орун “Байзак баатыр” командасына ыйгарылып 20 миң сом тапшырылды. Мындан сырткары, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты калыс”, “Мыкты бомбардир” номинациялары боюнча диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.