DOLON MEDIA

Нарын-Баетов унаажолунун 39-40 чакырымы жабылат

Бүгүн, 27-январдан баштап Нарын-Баетов унаажолунун 39-40-чакырымы убактылуу жабылат.

Бул тууралуу, “Куланак өрөөнүнүн борбордук бөлүгүн сугат суусу менен камсыздоо” долбоорунун техникалык көзөмөлдөөчүсү Анарбек Сокеев билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын районунун Куланак айыл аймагындагы “Куланак” каналын куруу долбоорунун алкагында көпүрө салуу жумуштарына байланыштуу Нарын-Баетов жолунун 39-40-чакырым тилкеси  (Бактерек-Жылуу суу аралыгы) жабылат.

Көпүрө курулушу толук бүткөнчө  автоунаалар убактылуу салынган айланма жол менен каттап турат. Буга байланыштуу айдоочулар унаалардын ылдамдыгын азайтып, курулуш жумуштарына карата коюлган жол белгилерин жана коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишүүдө. Өзгөчө түнү жолго чыккандар эрежелерди так сактоолору зарыл.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.