DOLON MEDIA

Нарын шаарында 57 кызматкер декларация тапшырган эмес

Нарын шаарынын прокуратурасы тарабынан калаадагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун жыйынтыктары текшерилгенде, 57 кызматкер толук тапшырбаганы аныкталды,-деди Нарын шаарынын прокурорунун улук жардамчысы  Шайырбек Сулайманов билдирди.

Анын айтуусунда, Салык кодексинин №106 жана №107-беренелеринин талаптарынын сакталышына текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 27 кызматкердин 2023-жыл үчүн декларацияны белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшыргандыгы, ал эми 57 кызматкердин толук тапшырбагандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 26 кызматкерге карата укук бузуу жөнүндө протоколдор толтурулуп, Нарын шаардык сотунун кароосуна жиберилип, 21 кызматкерге үч миң сом, ал эми 5 кызматкерге беш миң сом айып пул салынган.

Мындан тышкары, текшерүүнүн жыйынтыгында 57 кызматкер тарабынан бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы аныкталып,  укук бузуу материалдары азыркы учурда кароо алдында турат.

Маалымат үчүн белгилесек, Салык кодексинин №106 жана 107-беренелерине ылайык,  жыл сайын декларация тапшыруу эки этап менен өтөт. 1-апрелге чейин юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ал эми 1-майга чейин жеке жактар жана ишкерлер өткөн жылдагы киреше-чыгашасы жана мүлкү тууралуу отчет бериши керек.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.