Нарын облусунда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен кыймылсыз мүлктөрдүн арасында Жаман-Талаа участогундагы дарылык касиети бар ысык суу чыккан жер. Бул жай жакында эле мамлекеттин балансына кайтарылган.
Дубан башчы Алтынбек Эргешов Жумгал районундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө, аталган жайдын абалын жеринен көрдү.
Ысык суу чыккан аймакка 1991-жылы атайын имарат курулган. Бирок, көп жылдан бери кароосуз калгандыктан Чаек айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилген. Акыркы жылдары Насипа Самудинова имаратты кароого алып, иштетип келет. Анын айтымында, 42-54 даражага чейин ысык суу чыгары жана курамында 220 компонент бар экени лабораториялык изилдөөлөрдө аныкталган. Суу тери, муун ооруларына, ашыкча салмактан арылууга жардам берет. Ошондой элее, сууну ашказан, боор ооруларына дагы ичкенге болот. Имарат оңдоп-түзөөгө муктаж.
Абалды көргөн өкүл объект түндүк-түштүк альтернативалык жолунун боюнда болгондуктан перспективасы жогору экенин белгилеп, ден соолукту чыңдоочу санаторий салуу мүмкүнчүлүгү каралаарын жана ишке киргизүү үчүн көп каражат талап кылынарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Нарын облусунун аймагынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 14 мүлк мамлекеттин эсебине кайтарылып алынган.