DOLON MEDIA

Той-аштарга чектөө киргизилеби?

Маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу жөрөлгөлөрүнө чектөө киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, маркумду узатууда «үчүлүк», «жетилик», «кыркылык», «жылдык» өткөрүүгө болбойт.

Үйлөнүү үлпөтү менен кыз узатууда коноктордун санын чектөө менен андагы «кийит кийгизүү», «себет берүү», «конок берүү», «түштөндүрүү» сыяктууларга тыюу салынат. Ага моюн сунбагандарга айып пул салуу каралган.

Долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев менен Замирбек Мамасадыков демилгелеген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.