Ашууларда жол ачык, каттам бар
Бүгүн, 10-мартка карата Нарын облусунун аймагындагы бардык унаа жолдордо, ашууларда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнөн билдиришкендей, жол тейлөө мекемелеринин кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп, тазалоо, кооптуу тилкелерине кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат. “№41-Жол тейлөө мекемесинин жолчулары Кызыл-Бел ашуусунда жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 306-346-чакырым аралыгындагы Оттук …









