DOLON MEDIA

Коом

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды

Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуяларда жабыр тарткандар тууралуу “Азаттыкка” маалымат берди. Маалыматка ылайык, 17-майдын кечинде борбордогу жаңжалда 28 адам жараат алды. Жабыр тарткандардын теңинен көбүнүн аты-жөнү жазылган, калганы ысымдары көрсөтүлгөн эмес. Аты-жөнү жазылгандардын бир тобу чет элдиктер экени, бир бөлүгү жергиликтүү жарандар экени көрүнүп турат. Колго тийген маалыматтарга ылайык, жараат алгандардын …

Бишкектеги окуядан 30дай адам жабыркаганы кабарланды Толугу менен »

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт

“РСК Банк” (“Расчетно-сберегательная компания” – “Эсептешүү-сактык компаниясы”) ачык акционердик коому “Элдик банк” деп өзгөртүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында жазды. Мамлекет башчы үй-жайы жок жарандарды турак жай менен камсыздоо иш аракеттеринин алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) менен “РСК Банктын” банкын бирге иштетүү чечими кабыл алынганын, аны менен чогуу банк башкача аталышта иштөөгө өтөрүн …

“РСК Банк” “Элдик банк” деп өзгөртүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга көмөктөшөт Толугу менен »

Шаардык сот “Клооптун” апелляциялык арызын кароодон баш тартты

17-майда Бишкек шаардык соту “Kloop Media” коомдук фондун жоюу тууралуу Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган чечимге каршы берилген апелляциялык арызды кароодон баш тартты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Kloop Media” порталынын адвокаты Нурбек Сыдыков билдирип, судья арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен деген жүйө келтиргенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, апелляциялык арызды берүүдө Юстиция министрлигинин дарегиндеги бир сандан …

Шаардык сот “Клооптун” апелляциялык арызын кароодон баш тартты Толугу менен »

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Кыргызгидромет кызматы 18-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөй турганын билдирди.Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тоңголок жана тайгак болушу мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. …

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт Толугу менен »

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө

Чет мамлекеттердеги тергөө абактарында Кыргызстандын 788 жараны сот чечимин күтүп отурат. Алардын 742си Орусияда. Бул тууралуу 16-майда Жогорку Кеңеште юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди. “Башка статистикаларга токтоло турган болсом, Түркияда 13, Тажикстанда 9, Казакстанда 5, Италияда 5, Венгрияда 4, Германияда 4, Египетте 2, Сауд Арабияда 2, Түштүк Кореяда бир, Чехияда бир, Францияда бир, …

Чет өлкөдөгү тергөө абактарында 788 кыргыз жараны сот чечимин күтүүдө Толугу менен »

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 2024-жылы 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя болгонун маалымдады. Маалыматка караганда болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети өлкө аймагында мал кайтарып жүргөн тажик жарандарын байкаган. Алар чек ара сызыгынан …

УКМК кыргыз-тажик чек арасында ок атылганын маалымдады Толугу менен »

1-майдан баштап электр энергиясы кымбаттайт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди. Ал өлкөдө электр баасы 2023-жылдагы инфляциянын деңгээлине ылайык бекитилгенин, баа дээрлик 11 тыйынга кымбаттап жатканын айтты. “Эгерде адамдын үйүндө муздаткыч жана сыналгы гана иштесе, анда ал тарифтик пландан ашпайт жана ошого жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу жылыткыч, …

1-майдан баштап электр энергиясы кымбаттайт Толугу менен »

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды

29-апрелде Парижде сексуалдаштырылган зомбулукка байланышкан эки айыптоо боюнча сурак берүү үчүн франциялык актёр Жерар Депардье кармалды. Актёрго каршы арыздардын бирин 2014-жылы анын ассистенти болуп иштеген аял (ал кезде 24 жашта болчу) жазган. Ал Депардьени тасма тартуу учурунда аны “кармалаган жана ылайыксыз сөздөрдү айткан” деп айыптаган. Экинчи арызды 53 жаштагы сүрөтчү-коюучу жазып, Депардье ага 2021-жылы тасма …

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды Толугу менен »

ТИМ Орусиядагы рейд учурунда табылган 15 жаштагы кыргызстандык кыз боюнча комментарий берди

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) миграциялык рейд учурунда Орусиянын Красноярск аймагындагы фермада мыйзамдуу өкүлдөрү жок иштеп жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз табылганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди. 29-апрелде ТИМдин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө 2008-жылы төрөлгөн кыз ферманын аймагында ата-энеси кол коюп берген ишеним каттын негизинде 36 жаштагы бир тууган эжеси менен чогуу иштеп жүргөнү жазылган. “Административдик …

ТИМ Орусиядагы рейд учурунда табылган 15 жаштагы кыргызстандык кыз боюнча комментарий берди Толугу менен »

30-апрелде Нарында жаан жаашы күтүлүүдө

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4 болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз …

30-апрелде Нарында жаан жаашы күтүлүүдө Толугу менен »