DOLON MEDIA

1-июндан тарта Ошто “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирет

1-июндан тарта “Коопсуз шаар” долбоору Ош шаарында ишке кирет.  Маалыматка ылайык, азырынча бул долбоор пилоттук негизде иштейт. Айдоочуларга айып пул жазылбайт. Ноябрь айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Мэриянын маалымдашынча, биринчи баскычта шаарга 44 жерге көзөмөлдөөчү камера орнотулган. Эми мындан ары айдоочулар эң көп жол эрежесин бузган кесилиштерге үч буттуу камералар коюлат. Өткөн жылдын декабрь айында шаар бийлиги сынак жарыялап, ага орусиялык “Мегафон” компаниясы жалгыз катышып, жеңүүчү болгон. Компания кызматы үчүн беш жыл ичинде 2,5 млрд сом киреше табууну көздөгөн. Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек – Торугарт, Бишкек – Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган. Ички иштер министрлиги “Коопсуз шаар” системасынан тышкары жол эрежелерин бузууларды аныктаган отуздан ашуун “Автоураган” аппараттык-программалык комплексин сатып алган. Анын 10у стационардык, 22си мобилдүү. Автокырсыктардын саны үч жыл ичинде 38% азайганын Ички иштер министрлиги маалымдаган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd кытайлык компаниясы жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу. Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги аталган компанияны былтыр сотко берген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.