DOLON MEDIA

Бишкекте ысык суу берүү 1-июндан тарта жанданат

Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөргө, социалдык мекемелерге ысык суу берүү 1-июнунан тарта калыбына келет. “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы кабарлагандай, ысык суу алгач оорукана, бала бакча жана башка социалдык мекемелерге берилет. Мекеме ысык суу чыгуу кечеңдеп, маселе жаралса керектөөчүлөрдү колдоо борборуна: (0312) 61-11-69, 1980, ( 0557) 611166, (0777) 61-11-66, (0701) 61-11-66 телефондору аркылуу кайрылууга мүмкүн экенин маалымдады. Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоо максатында быйыл Бишкекте ысык суу берүү 22-апрелден тарта токтотулган. Ысык суу берүү жылуулук түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жыл сайын бир айлык мөөнөткө токтотулуп келет. Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланып келди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.