DOLON MEDIA

Аба ырайы: 30-майда Нарында жаан жаайт

30-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда тункүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 24…26° жылуу болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.