DOLON MEDIA

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын бири аял, алтоо эркек экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-майда кабарлады. Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот. 2022-жылы аталган округдан мурда депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын ошол кездеги атаандашы Абдурахманхажи Муртазалиевдин сотко жазган арызы негиз болгон. Добуш сатып алуу чырынан улам Боршайком Муртазалиевге да мандат берген эмес жана жаңы шайлоо дайындалган. 30-июнда Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда да мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Боршайком кабарлагандай, Ысык-Көлдө 17, Ноокатта 11 киши шайлоодо ат салышуу ниетин билдирип, арыз берди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.