DOLON MEDIA

Бир жылда Орусиядан 13 миңден ашуун кыргызстандык депортация болду

2023-жылы 13025 кыргызстандык жана 2024-жылдын төрт айында 282 кыргызстандык Орусия Федерациясынан өз мекенине депортация болду.  ТИМ апрелдеги маалыматында чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөнүн билдирген. Бул сан 2022-жылы 837 миңдей деп белгиленген. Чет жакка иштегени чыккандардын айрымдары атайын консулдук каттоодон өтпөгөндүктөн, эксперттер иш жүзүндөгү сан расмий көрсөткүчтөрдөн айырмаланарын белгилешүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, чет өлкөдө жүргөн мекендештердин саны 1,5 жылда дээрлик 200 миңге жакын азайган. Министрлик Орусиядагы кыргызстандыктардын саны да бир жылда 175 миңдей кыскарганын тактаган. 2022-жылы Орусияда миграциялык каттоодо турган жарандардын саны 587 миңден ашса, 2024-жылдын биринчи кварталында 411 миңге кыскарган. (2023-жылдын алты айында 408 448 болгон).

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.