DOLON MEDIA

Акылбек Жапаров ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маани берерин айтты

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга артыкчылык берип келе жатканын белгиледи. Ал бул тууралуу Беларуска иш сапарынын алкагында “Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу” деп аталган сессиясында сүйлөп жатып билдирди. Акылбек Жапаров ушул тапта дүйнөдө 256 миллиондон ашуун адам азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнө туш болгонун жана жакынкы төрт жылда жер шарынын дээрлик 1 миллиард калкы тамак-аштын жетишсиздигине дуушар болорун эксперттердин маалыматына таянып айтты. Буга эң ириде аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана геосаясий шарттардын чыңалуусунун күчөшү себеп экенин белгиледи. “Кыргызстандын айыл чарбасы өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарынын бири жана дүйнөдөгү эң зарыл жана маанилүү тармак болуп саналат. Өлкөнүн экономикасынын агроөнөр жай секторун өнүктүрүү саясаты ички агроазыктүлүк рыногунун туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин сактоо, ошондой эле жаңы экспорттук орундарды издөө үчүн макулдашылган иш-аракеттерди кабыл алууга багытталган. Жакынкы жылдары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана атамекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган 100 ири долбоорду агроөнөр жай комплексинин 11 тармагында ишке ашыруу пландаштырылууда”, – деди Акылбек Жапаров.

Анын сөзүнө караганда, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясынын өндүрүшү былтыр 2015-жылга салыштырмалуу 22,7% көбөйгөн. Жапаров 3-июнда Беларуска иш сапар менен барды. Сапар алкагында ал Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты. ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт багытта эркиндик берилерин жарыялаган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар. Бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, анын ичинен Кыргызстан аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат артышкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.