DOLON MEDIA

Башкы тема

Чаткалда кен казган казакстандык ишкерге издөө жарыяланды

Kazakhmys Holding компаниясы Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) издөө жарыялаган казакстандык ишкер Владимир Жуманбаевге байланыштуу иш тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу Казакстандын Tengrinews.kz маалымат агенттиги ишканага шилтеме берип жазды. Анда Kazakhmys Holding компаниясынын менежери жана “Алтын Алмас”, “Каражыра” ишканаларынын акционери Владимир Жуманбаевдин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топторго байланышы жок экени, ал тергөө органдары менен …

Чаткалда кен казган казакстандык ишкерге издөө жарыяланды Толугу менен »

Президент Жапаров ишкерлер менен ККМ маселесин талкуулады

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ), электрондук коштомо кагаздарды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураларды киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөрдү. Ал салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерликтин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Ишкерлер электрондук товардык коштомо …

Президент Жапаров ишкерлер менен ККМ маселесин талкуулады Толугу менен »

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү

5-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралып, анын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрүлдү. Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков билдирип, алардын бири 2020-жылы, экинчиси 2024-жылы жарыяланган видеолор экенин айтты. Бул жолку отурумга ал видеодо айтылгандарга корутунду берген эксперттер келбей калгандыктан кийинки соттук жараян …

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү Толугу менен »

Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду

Москвада таксист Украинага каршы согушкан үч кишини автоунаасынан түшүрүп салууга айыпталууда. Орусиянын Тергөө комитети кастыкты козутуу, жана  ар-намысты басмырлоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Таксисттин аты-жөнү Айыпбек Латипов, ал кыргызстандык. Анын айдоочулук күбөлүгүн кремлчил Regnum агенттиги жарыялады. Ал мас абалындагы жүргүнчүлөр ага орой мамиле жасап, 100 чакырым жол үчүн карта эмес накталай төлөм жүргүзө турган …

Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду Толугу менен »

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди

Ишкер, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковду сотко берип, 1 млн сом доо талап кылып жатканын журналист өзү Фейсбуктагы баракчасына жазды. Карымшаков буга “Фрунзе” (“Азия”) гипермаркеттер тармагынын айланасындагы чыр боюнча ишкер, аталган тармактын негиздөөчүсү Болотмамбет Жээнбековдон алган маеги себеп болгон деп эсептейт. “Бабанов сот аркылуу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп менден …

Саясатчы Өмүрбек Бабанов журналист Карымшаковду сотко берди Толугу менен »

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштады

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активтисттер суракка алына баштады. Бул тууралуу ушул иш боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Катта ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай туруп эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, …

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштады Толугу менен »

Акылбек Жапаров ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маани берерин айтты

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга артыкчылык берип келе жатканын белгиледи. Ал бул тууралуу Беларуска иш сапарынын алкагында “Евразия экономикалык бирлигинин азык-түлүк коопсуздугу” деп аталган сессиясында сүйлөп жатып билдирди. Акылбек Жапаров ушул тапта дүйнөдө 256 миллиондон ашуун адам азык-түлүк коопсуздугу көйгөйүнө туш болгонун жана жакынкы төрт жылда …

Акылбек Жапаров ЕАЭБ азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого маани берерин айтты Толугу менен »

Президент Жапаров балдардын укуктарын коргоо уланарын айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоюу, жакырчылык жана зордук-зомбулук менен күрөшүү, балдардын укуктарын коргоо системасын чыңдоо жаатындагы иштер улантыларын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда айтылган. Жапаров Кыргызстандын “Балдардын укуктары боюнча конвенцияга” кошулганына 30 жыл болгонун белгилеп, бул жылдар аралыгында ушул багыттагы бир …

Президент Жапаров балдардын укуктарын коргоо уланарын айтты Толугу менен »

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму (Reporters Without Borders – RSF) Кыргызстандын бийлигин беш айдан бери камакта жаткан журналист Актилек Капаровду жана аны менен чогуу кармалган Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду жана Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырды. Уюм өзүнүн кайрылуусун Х социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады. Тергөө абагында отурган журналист журналист Актилек Капаров 30-майда жалпыга маалымдоо каражаттарына …

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды Толугу менен »

Кыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тарифти көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин сайтында кабарланды. Министрлик мындан ары калк үчүн жылуулук энергиясын колдонуу ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен эсептелерин билдирет. Соңку бир жылдан бери жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1248 сомдон болчу. Жаңы чечимге ылайык, жалпы аянты 80 чарчы …

Кыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү Толугу менен »