DOLON MEDIA

Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат

18-октябрда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда жабык өттү. Процесске анын адвокаттары гана киргизилди. Мадумаровго козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү 10-октябрда белгилүү болгон. Кийинки отурум 30-октябрга белгиленди. Саясатчынын адвокаттарынын бири Юлия Богданова буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф …

Мадумаровдун соту 30-октябрда уланат Толугу менен »

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды. Бул макулдашуу 12-18-октябрь күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусунда кабыл алынган. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Тараптар эми калган тилкелер боюнча сүйлөшүүнү Кыргызстанда өтө турган жолугушууда …

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 13,98 чакырымы макулдашылды Толугу менен »

Нарын облусунда дагы бир мектептин имараты ачылды

Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Ак-Кыя айылындагы Үсөн Бейшеев атындагы орто мектебинин 150 орундуу имараты бүгүн 19-октябрда ишке берилди. Аталган мектептин имараты 2015-жылы баштадып, дээрлик 8 жылдан бери токтоп турган. Президенттин курулуп бүтпөй жаткан социалдык объектилерди бүткөрүү демилгесинин артында ишке ашты. Эске сала кетсек аталган мектептин имараты 2006-жылдагы жер титирөөдө авариялык абалга келген.

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында

Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар 16-октябрдан бери Нарын облусунун аймагында шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү жеринде көрүп жүрүшөт. Кече алар Кочкор, Нарын, Жумгал райондорунда болушса, бүгүн 17-октябрда Нарын шаарында болушту. Нарын шаарындагы авариялык мектептердин бири №10 Жапар Чолпонбаев атындагы мектептин имаратын көрүштү. Мектеп мурдакы дүкөндүн имаратында жайгашкан, балдардын сыйымдуулугу 350 балага ылайыкталса, учурда 1096 окуучу билим …

ЖКтин төрагасы эки күндөн бери Нарында Толугу менен »

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү

16-октябрда Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында Калык Акиев атындагы орто мектептин 225 орундуу жаны имараты бүткөрүлүп, окуучуларды кабыл ала баштады. Курулуш иштери республикалык бюджеттен 57 млн сомго каржыланды, Буга чейин окуучулар авариялык абалдагы эски мектепте окуп келишкен. Мектептин ачылыш аземине КР ЖКнин төрагасы Нурланбек Шакиев, Президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Калдаров жана башка адамдар катышты. Андан сон …

Жумгалда мектептин имараты курулуп, бала бакчанын пайдубалы түптөлдү Толугу менен »

Кыргызстан менен Тажикстан: чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү

16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту.Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.Жолугушууда эки тараптын делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы калган тилкелер боюнча келишимди тараптар так аткарып жатканына канааттануусун билдиришти. Ошондой эле топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага байланыштуу …

Кыргызстан менен Тажикстан: чек ара маселеси боюнча кезектеги жолугушуу өттү Толугу менен »

Кара алтын баасы канчадан?

Нарын облусу боюнча быйыл күз-кыш мезгилине жалпы 127 миң 911 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинен 92 миң 400 тоннасы элдин муктаждыгы болсо, 32 миң 511 тонна бюджеттик мекемелердин керектөөсү. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  Экономика жана регилонду өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Элмира Турганбаева бүгүнкү күнгө карата бюджеттик мекемелер 89 пайыз көмүр менен камсыздалганын …

Кара алтын баасы канчадан? Толугу менен »

Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин айтты

Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын бүгүн 16-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди. “Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: “Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи” деп жибердим. Ал барып, …

Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин айтты Толугу менен »

Азык-түлүк жарманкеси өтөт

Ушул жылдын 21-22-октябрь күңдөрү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу менен  калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо максатында  Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясы биргелешип уюштурууда. Шаардык кеңештен билдиришкендей, жарманкеге калаага жакын жайгашкан райондорунун дыйкан-фермерлери өздөрү өндүргөн  картошка, сабиз, пияз сыяктуу айыл-чарба азыктарын алып чыгышат.  Мындан …

Азык-түлүк жарманкеси өтөт Толугу менен »

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү

Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Өрнөк айылында КР Туусу  салтанаттуу көтөрүлдү. Салтанатка облус башчынын орун басары Адыл Сапаров, район акими Нуридин Мадимаров, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, айыл өкмөт башчылары жана жеке ишкерлер катышты. Бийиктиги 30 метрди түзгөн флагшток Миң-Булак, Өрнөк жана Куйбышев айылдарынын жашоочуларынын демилгеси менен орнотулуп, жалпы 500 миң сом сарпталган.  Айланасына …

Нарын: Өрнөк айылында Кыргызстандын Туусу көтөрүлдү Толугу менен »