DOLON MEDIA

ХАМАС дагы 10 израил жаранын барымтадан бошотту

АКШда жана Европа биримдигинде (ЕБ) террордук уюм деп таанылган ХАМАС тобу Кызыл чырым уюмуна барымтада кармалып турган кезектеги израил жарандарын өткөрүп берди. Маалыматтарга ылайык, барымтадан бошотулгандардын арасында тогуз аял жана 17 жаштагы бир кыз бар. Бул израил жарандарынан тышкары барымтадан Таиланддын эки жараны да бошотулганы кабарланууда.

 

Өз кезегинде Израил да бул күнү өз абактарында камакта отурган бир нече палестиналыкты бошотушу керек. Эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды алмашуу боюнча макулдашуу күчүнө кирген 24-ноябрдан баштап ХАМАСтын барымтасындагы 51 израилдик жана 20дан ашуун чет өлкөлүк бошотулду. Чет өлкөлүк жарандарды өз мамлекеттеринин бийликтери дипломатиялык каналдары аркылуу барымтадан чыгарууда. АКШнын, Египеттин жана Катардын ортомчулугу менен түзүлгөн төрт күндүк макулдашуунун алкагында ХАМАС барымтадагы 50 израилдикти, Израил түрмөдөгү 150 палестинди бошотмок. Мындан тышкары Газа тилкесинде ок атышуу токтоп, курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам, анын ичинде күйүүчү май киргизилмек. 27-ноябрда макулдашуу эки күнгө узартылган.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.