DOLON MEDIA

Нарын облусунда ирригация жаатында чон долбоорлор ишке ашууда

Нарын облусунун ирригация тармагына быйыл 128 млн. 100 мин сом белунуп, суу чарба обьектилери жакшыртылды. (Салыштырып айтсак, 2021-жылы 19 млн, 2022-жылы 104 миллион сом белунген) Ошондой эле ашар жолу менен курулуучу суу чарба оъектеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 млн сом каралып, курулуш иштери журууде. Учурда Ат-Башы районундагы Шамбет каналын куруу аяктоо алдында турат. Нарын районундагы Байменде, Ак-Суу каналдарына жана Кочкор районуна 8 скважина орнотуу боюнча тендер аркылуу материалдар алынып, жумуштар жүүрүдө. Мындан сырткары КР айыл чарба министрлигинин суу ресурстары кызматындагы “Ысык-Көл жана Нарын облустарында сугат жерлерин өздөштүрүү, өнүктүрүү” долбоорунун алкагында   9,6 млн долларга Жумгал районундагы Тугөл-Сай сезондук суу сактагыч (БСР) куруу, ошондой эле 10,73 млн долларга Кочкор районундагы Шамшы БДРин куруу жумуштары журуп жатат. Мындай маалыматты Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.