DOLON MEDIA

ЖК комитети тууну өзгөртүү долбоорун биринчи окууда колдоду

28-ноябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат. Долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов баяндама жасап, азыркы желектеги күндүн нурун күн карама деген сыяктуу түрдүү сөздөр айтылып келатканын билдирип, аны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөнүн айтты. Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине берген маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген. Демилге коомчулукта талаш-талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы сессиясында депутат Мирлан Самыйкожо менен Эрулан Көкүлов документти сындап чыгышкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.