DOLON MEDIA

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Оштогу сапарында айтты. Мамлекет башчы учурда өлкө темир жол логистикасында туңгуюк абалда турганын, кыргыз ишкерлери дүйнөгө Казакстан жана Орусиянын темир жолу аркылуу гана чыгып жатканын белгиледи. Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп алса, бул кыргыз мамлекети үчүн чоң жол болорун” билдирди. Кыргызстандын аймагы …

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат Толугу менен »

1-майдан баштап электр энергиясы кымбаттайт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергиясынын баасынын көтөрүлүшү боюнча “Кабар” улуттук маалымат агенттигине комментарий берди. Ал өлкөдө электр баасы 2023-жылдагы инфляциянын деңгээлине ылайык бекитилгенин, баа дээрлик 11 тыйынга кымбаттап жатканын айтты. “Эгерде адамдын үйүндө муздаткыч жана сыналгы гана иштесе, анда ал тарифтик пландан ашпайт жана ошого жараша төлөйт. Бирок үйүндө эки муздаткыч, суу жылыткыч, …

1-майдан баштап электр энергиясы кымбаттайт Толугу менен »

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды

29-апрелде Парижде сексуалдаштырылган зомбулукка байланышкан эки айыптоо боюнча сурак берүү үчүн франциялык актёр Жерар Депардье кармалды. Актёрго каршы арыздардын бирин 2014-жылы анын ассистенти болуп иштеген аял (ал кезде 24 жашта болчу) жазган. Ал Депардьени тасма тартуу учурунда аны “кармалаган жана ылайыксыз сөздөрдү айткан” деп айыптаган. Экинчи арызды 53 жаштагы сүрөтчү-коюучу жазып, Депардье ага 2021-жылы тасма …

Актёр Жерар Депардье ыдык көрсөтүү иши боюнча кармалды Толугу менен »

ТИМ Орусиядагы рейд учурунда табылган 15 жаштагы кыргызстандык кыз боюнча комментарий берди

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) миграциялык рейд учурунда Орусиянын Красноярск аймагындагы фермада мыйзамдуу өкүлдөрү жок иштеп жүргөн 15 жаштагы кыргызстандык кыз табылганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди. 29-апрелде ТИМдин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө 2008-жылы төрөлгөн кыз ферманын аймагында ата-энеси кол коюп берген ишеним каттын негизинде 36 жаштагы бир тууган эжеси менен чогуу иштеп жүргөнү жазылган. “Административдик …

ТИМ Орусиядагы рейд учурунда табылган 15 жаштагы кыргызстандык кыз боюнча комментарий берди Толугу менен »

30-апрелде Нарында жаан жаашы күтүлүүдө

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 30-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4 болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз …

30-апрелде Нарында жаан жаашы күтүлүүдө Толугу менен »

Мадумаров өкүм боюнча кийинки инстанцияга кайрылууга убакыт бар экенин кайталады

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бергенге 15-майга чейин убакыт бар экенин кайталады. Саясатчынын бул тууралуу билдирүүсү Телеграмдагы баракчасына чыкты. “Мыйзам талаасында иш алып барабыз! Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда “Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө апелляциялык даттануулар жана сунуштар өкүм чыгарылган күндөн тартып 30 …

Мадумаров өкүм боюнча кийинки инстанцияга кайрылууга убакыт бар экенин кайталады Толугу менен »

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат

Казакстан келерки жылы өтүүгө тийиш болгон “Келечектин оюндары” деген эл аралык спорттук мелдешин 2026-жылга жылдырды. Мындай чечим суу ташкынына байланыштуу  каржылык үнөмдөө зарылдыгынан улам кабыл алынганы айтылды. “Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу жана жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды үнөмдөө максатында имидж түзүүчү жана башка ири иш-чаралардан баш тартууга буйрук берди”, – …

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чыгымдарын кыскартат Толугу менен »

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча 24-апрелде башталган баштапкы соттук угуу маалында чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу 25-апрелде аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан. Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, …

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты Толугу менен »

Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго айып пул салына баштады

Ысык-Көл облусунун аймагындагы дүкөн, тез тамактануучу жайларда, кафе-ресторан, тойканаларда желим баштык колдонулганы аныкталса, мыйзам чегинде айып пул салынууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкери Бейшенбек Самбаев билдирди. Анын айтымында, желим баштык колдонулганы тууралуу маалымат видео, сүрөт менен аныкталса, алгач протокол түзүлүп эскертүү берилет, ага баш ийбесе, айып …

Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго айып пул салына баштады Толугу менен »

Бир катар акимдер кызматтан алына турганы белгилүү болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир катар райондордун акимдерин, орун басарларын жана аппарат башчысын кызматтан алууну чечкени белгилүү болду. Ал өз сунушун президент Садыр Жапаровго бергенин айтты. Кызмат орундарынан бошотууга сунушталгандар: – Кемин районунун акими Алайбек Жумаев, 1-орун басары Акылбек Мурсалиев, орун басары Кайрат Жетенбаев жана аппарат башчысы Бактыбек Алиев; – Баткен районунун акими Учкунбек …

Бир катар акимдер кызматтан алына турганы белгилүү болду Толугу менен »