DOLON MEDIA

Кыргызстанда жылуулуктун жана ысык суунун тарифи дагы көтөрүлдү

Кыргызстанда 1-июндан тартып жылуулукка жана ысык сууга тарифти көтөрүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин сайтында кабарланды. Министрлик мындан ары калк үчүн жылуулук энергиясын колдонуу ай сайын керектөөнүн социалдык ченеми менен эсептелерин билдирет. Соңку бир жылдан бери жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн баа калкка 1248 сомдон болчу. Жаңы чечимге ылайык, жалпы аянты 80 чарчы метрге чейинки батирде жашагандар 1 гигакалория (Гкал) үчүн 1 560 сомдон төлөйт. Батирдин жалпы аянты 80

чарчы метрден ашса, ар бир чарчы метрге жылуулук энергиясынын өздүк наркынын деңгээлиндеги тариф менен төлөнөт. Өндүрүштүк, бюджеттик объектилер жана башка керектөөчүлөр буга чейин жылуулуктун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн 2052 сомдон төлөп келсе, алар да мындан ары анын өздүк наркы менен төлөй турган болду. Ысык суунун 1 гигакалориясы (Гкал) үчүн калк буга чейин 1120 сомдон төлөп келсе июндан баштап 1560 сомдон төлөйт. Калган категориядагы керектөөчүлөрдүн баары ысык суунун өздүк наркы менен акысын бериши керек. Энергетика министрлиги өз маалыматында жылуулук энергиясынын жана өздүк наркы канча болорун тактаган эмес. Мекеме жылуулук менен камсыздоочу уюм өздүк наркты эсеп-дүмүрчөктөрдө өзүнчө сап менен көрсөтүп турарын билдирет.

Жылуулукка жана ысык сууга болгон тариф соңку ирет 2023-жылдын июнь айында көтөрүлгөн. Өкмөт 2025-жылга чейинки тарифтик саясаттын негизинде энергетика секторунда өзүн-өзү актоо жана тарифти өндүрүүнүн реалдуу акысына ылайык адилеттүү түзүү максатын көздөй турганын билдирүүдө.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.