DOLON MEDIA

“Чек арасыз кабарчылар” уюму Кыргызстандын бийлигин Актилек Капаровду бошотууга чакырды

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму (Reporters Without Borders – RSF) Кыргызстандын бийлигин беш айдан бери камакта жаткан журналист Актилек Капаровду жана аны менен чогуу кармалган Айке Бейшекееваны, Азамат Ишенбековду жана Махабат Тажибек кызын бошотууга чакырды. Уюм өзүнүн кайрылуусун Х социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады. Тергөө абагында отурган журналист журналист Актилек Капаров 30-майда жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнө тагылган айыптар, иштин деталдары жана башка жагдайлар жөнүндө маалымат берген. Ал камакта мыйзамсыз жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирди. Капаров өз катында: “Мени токтоосуз түрдө тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам!”, – деп жазган. Мунун артынан Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) маалымат таратып, Капаров абак бөлмөсүнөн өз өмүрүнө кол салгандыгы тууралуу маалыматты төгүндөгөн. Мекеме айыпталуучу 28-майда сот залына кирерде калем сап (ручка) менен колдорун чийгилеп салганын билдирип, анын билектеринин арт жагы тилинген сүрөттөрдү жарыялаган. Ушул тапта төртөө –“Temirov Live” жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.