DOLON MEDIA

Нарын: Жеке ишкер Таалай Карпеков заманбап сейил багын салып берет

Жеке ишкер ишкер Таалай Карпеков Нарын шаарынын 64 аймагына жаңы типтеги сейил багын салып берет. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жаңы салына турчу сейил бакка спорт шаймандары, фонтан жана башка инвентарлар коюлат. “Атайын даярдалган долбоор жеринде талкууланып, алдын ала жасалуучу жумуштар, жана тийиштүү шарттарды тузүү жумуштарын тез аранын …

Нарын: Жеке ишкер Таалай Карпеков заманбап сейил багын салып берет Толугу менен »

Нарын районунда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурады

Нарын районунун Жан-Булак, Жерге-Тал жана башка бир катар айылдарда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурап, иштебей жатат. Бул тууралуу «Долон Медиага» аталган айылдардын тургундары билдирди. Тургундардын айтымында, «Мегаком» уюлдук байланыш кызматы 26-марттан бери тартпай жатат. Ал эми «Мегакомдун» операторлору базалык станциядан электр чубалгысы үзүлүп кеткенин «Долон Медиага» билдиришти. Ошондой эле, учурда техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу иштери жүрүп …

Нарын районунда «Мегаком» уюлдук байланышы үзгүлтүккө учурады Толугу менен »

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду

Кочкордун Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков алты айда 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду. Топтолгон суу Чолпон айыл аймагына караштуу Туз айылындагы 500 гектердай айдоо жердин биринчи сугатына жарайт. Экоактивист былтыр күзүндө тоонун бооруна он эки метрлик бетон түркүгүн орноткон. Анын башына сайдагы сууну түтүк менен алып келип байлап койгон. Оргуштап аккан суу түркүктүн айланасына …

Кочкор: Экоактивист кыштата 100 кубдан ашык жасалма мөңгү тоңдурду Толугу менен »

Нарын шаарындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптардын жетишсиз

Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптардын жетишсиз. Бул тууралуу аталган окуу жайдын  мугалими Шабдан Аманкулов билдирди. Анын айтымында, мектепке окууну каалагандар окуучулардын саны көп. Бирок музыкалык аспаптардын жетишсиздигинен мектепке кабыл алынган окуучулардын санын чектелүү болууда. “Ушул маселени чечиш үчүн элдин колундагы эски музыкалык аспаптарды чогултуу демилгесин көтөрүлгөн. Жыйынтыгында эки фортепиано мектепке бекер …

Нарын шаарындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптардын жетишсиз Толугу менен »

Нарын районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын районунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Сейсмология институтунун маалыматына караганда жер титирөө саат 02:53 чамасында катталып, Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Олимпиадада 3 окуучу үчүнчү орунга татыды

Бишкек шаарында  өткөн республикалык олимпиада  Нарын облусу байгелүү орундарга татышты. Маалыматка ылайык, Алсак, Ат-Башы районундагы  Искендеров  атындагы мектебинен Эмир Исаков физика сабагынан  3-орун, Ак-Талаа районунан Даван Бексултанов кыргыз тилинен 3-орун, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы балдардын лицейинде окуган Алихан Айдарбеков информатика сабагынан 3- орунду камсыздашты.  Ал эми Кочкор, Жумгал райондорунан бир да окуучу байгелүү орундарга …

Олимпиадада 3 окуучу үчүнчү орунга татыды Толугу менен »

Кургак учукту аягына чейин дарылаган медкызматкерлерге кошумча каражат берилет

Кургак учук оорусунун сезимтал формасы менен ооруган бейтаптарды дарылоону аягына чейин алып барган  медициналык кызматкерлер үчүн 12 миң, ал эми туруктуу формасын дарылоого катышкан кызматкерлерге  24 миң сом акча кошумча төлөм катары берилет. Бул багытта 2022-жылы Милдеттүү медициналык  камсыздандыруу фонду тарабынан Нарын облусу боюнча 1 миллион 500 миң сом каражат бөлүнүп, кошумча төлөмдөр жүргүзүлгөн. Нарын …

Кургак учукту аягына чейин дарылаган медкызматкерлерге кошумча каражат берилет Толугу менен »

44 көчө ички инвесторлордун эсебинен жасалат

Нарын шаары боюнча  110 чакырым жол болсо, анын ичинен 52 чакырымы асфальтталган, 60 чакырымы шагыл жол. Жаңы долбоор алкагында бул жолдун 29 чакырым 300 метри, ички инвесторлордун эсебинен жасалат. Учурда жумуштар башталып сметасы түзүлүп,  топографиялык изилдөөсү (топосеьемка) жүрүп жатат. “Нарын шаары боюнча жалпы 44 көчө оңдолот. Анын ичинен 42 көчө туура көчөлөр болсо, экөө Ленин …

44 көчө ички инвесторлордун эсебинен жасалат Толугу менен »

Жумгал: Кризистик борбор ачылды

Жумгалдын Байзак айылында кризистик борбор ачылды. Мындай маалымат менен аталган айылдык кеңештин төрайымы Мээрим Молдалиева бөлүштү. Учурда бул борбордо элеттик аялдарга бекер юридикалык кеңештер берилүүдө. «Зомбулукка кабылган аялдардын убактылуу баш калкалоочу жайы жок болуп, зарылып калган учурларыбыз болгон. Борборду ачууга «Нуржолбер» деп аталган бейөкмөт уюму көмөктөштү», – деди Молдалиева. Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга …

Жумгал: Кризистик борбор ачылды Толугу менен »

Ак-Талаа: Кош-Дөбө айылындагы авариялык оорукананын имараты жаңыланат

Облус борборунан 200 чакырым алыс Кош-Дөбө айылына жаңы оорукана салынат. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, курулуш республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесине кирген. Куруу иштери быйыл башталат. 5000ге чукул калкы бар Кош-Дөбө айылындагы оорукананын эски имараты өткөн кылымдын 50-жылдарында ашар жолу менен салынган. Алгач колхоздун канторасы болгон имарат кийин ооруканага айланган. Андан бери …

Ак-Талаа: Кош-Дөбө айылындагы авариялык оорукананын имараты жаңыланат Толугу менен »