DOLON MEDIA

CIVICUS: Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында

CIVICUS Monitor эл аралык уюму Кыргызстан жарандардын эркиндиги кескин төмөндөп жаткан өлкөлөрдүн тизмесинде калганын 10-июлда билдирди. Уюмдун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, буга өлкөдө “Чет элдик өкүл тууралуу” мыйзамдын күчүнө кириши негизги себеп болду. Мындан тышкары 11 журналисттин камалышы, соцтармактардагы пикири үчүн куугунтукка алынып, соттолгон блогер-активисттердин саны өсүп жатканы да өлкөнүн эл аралык коомчулуктагы аброюна көлөкө …

CIVICUS: Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн катарында Толугу менен »

Нарын районундагы мектеп билим сапаты боюнча облуста алдыга чыкты

Нарын мамлекеттик админстрациясынын акиминин социалдык иштери боюнча орун басары Эльвира Жанболотованын маалыматы боюнча быйылкы окуу жылындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасында да аталган райондун мыктылары бар. Район боюнча 6 окуучу республикалык тестирлөөдөн 200 балдан жогору алышты. Окуучуларга жер жерлерден айыл өкмөттөр тарабынан да колдоо көрсөтүлдү деген акимдин орун басары мыкты бүтүрүүчүлөргө дегеле билим тармагына аким тарабынан көптөгөн …

Нарын районундагы мектеп билим сапаты боюнча облуста алдыга чыкты Толугу менен »

Эки журналист пара талап кылууга шек саналып кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки журналист кесиптик ишмердигинен пайдаланып, жарандардан пара талап кылып келгени аныкталып, кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы 10-июлда тараткан маалыматта айтылгандай, журналисттер Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул күзөт башкармалыгы менен жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга каршы рейдге чогуу чыгып, рейд учурунда тартылган видеоматериалдарды кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап …

Эки журналист пара талап кылууга шек саналып кармалды Толугу менен »

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды

Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков 3-августка чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай токтомду Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-июлда кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аны тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу өтүнүчүн судьяга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат …

Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды Толугу менен »

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү

Жумгал районунда өскөн жапайы 4 тонна 700 килограммдай кара куурай өрттөлүп жок кылынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат катчысы Кундуз Эсенгулова билдрди. Анын айтуусунда,  өлкө боюнча жүрүп жаткан  “МАК-2024”  алкагында баңги заттарды мыйзамсыз сактоого, жүгүртүүгө жана таратууга каршы күрөшүү максатында аталган райондо өскөн жапайы кара куурайлар өрттөлдү. Мындан тышкары  Кабак жана Миң-Куш  айылдарына атайын посттор …

Жумгал: Жапайы кара куурайлар өрттөлдү Толугу менен »

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди

Жалпы республикалык тесирлөөдөн Кочкор району боюнча 13 окуучу 200 баллдан  ашык упай топтошкон. Бүгүн, 8-июлда  Кочкор айылындагы  “Чолпон”  кинотеарында  салтанаттуу иш чара уюштурулуп, аларга Ыраазычылык кат жана Мактоо баракчалары тапшырылды. Ал эми И.Арабаев мектеп гимназиясынын бүтүрүүчүсү Раяна Чолпонкулованын мектебине жеке ишкер тарбынан автоунаа белекке берилсе, өзүнө миң доллардын сертификаты тапшырылды.  Ал төрт жыл бою тынбай …

Кочкор: ЖРТдан жогорку упай алган бүтүрүүчүнүн мектебине унаа берилди Толугу менен »

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды

Нарын районунда жыл башынан бери 129 уйдан бруцеллез ылаңы табылып, алар ветеринардык эреженин негизинде союлуп жок кылынды. Бул тууралуу маалымат Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан алынды. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери бруцеллезго карата серологиялык изилдөөгө 5 миң 537 уйдан кан алынып Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн.  Анын жыйынтыгы менен Дөбөлү айыл аймагынан 14, Чет-Нурадан …

Нарын: 129 уй  союлуп, жок кылынды Толугу менен »

Нарын: Кайрымдуу бол калайык!

Калктын аярлуу катмарын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо менен жашоосун жакшыртуу максатында Миң-Булак айыл аймагындагы  муундар аралык “Элден элге ” акциясы уланууда. Бул жолу 1979-жылы төрөлгөн айыл тургундары  дагы бир үй-бүлөгө  музоолуу уй алып беришти. Кезек 1977-жылы төрөлгөндөргө өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөттөн билдиришкендей,  өткөн жылы айыл өкмөт башчы тарабынан демилгеленген бул акция элеттиктер тарабынан …

Нарын: Кайрымдуу бол калайык! Толугу менен »

Кочкор: Селдин кесепеттери жоюлууда

“Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын №14-Жол тейлөө мекемеси тарабынан  Нарын облусунун Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолунун 0-15 чакырым  аралыгында жүргөн кыян-селдин кесепеттерин жоюу, жолду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Жеринде 300 м3 кум шагыл тартылып, бир суу өткөрүүчү түтүк калыбына келтирилди. Ошондой эле, 4-чакырымында  жолдогу суулар агуучу арык (кювет) жана 13- чакырымында жол тасмасы калыбына келтирилди.  

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда

Жумгал районунун үч айылында сел коркунучтарын алдын алуу иштери жүрүүдө. Тагыраагы,  Чаек, Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой айылдарындагы  сел жүрүү коркунучу бар аймактарда сел сууларын алдын алуу үчүн каналдарды казуу, бөгөт тосмолорун түптөө жана саздак жерлерге дренаждарды казуу иштери жүрүп жатат.   Райондук администрациядан билдиришкендей, бул жумуштар “Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Долбоор Чаек айыл …

Жумгал: Сел коркунучтары алдын алынууда Толугу менен »