DOLON MEDIA

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым?

Жашоонун кызыгы, менимче, дайым бир нерсеге окуп, үйрөнүп, билбегениңди билүүгө такай умтулуп туруу болушу керек. Ошондо жашооң кызыктуу да, башкаларга пайдалуу да болот.

Журналистика тармагында мен чейрек кылымдан беримин. Медианын бардык түрүндө (радио, ТВ, гезит, сайт) иштегенге жетиштим. “Журналисттер” коомдук бирикмесин 10 жылдай жетектеп, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө колуман келишинче салым кошконго аракет кылдым.

Ушул жылдардын аралыгында тексттер, ар түрдүү программалар, компьютер, офистик аспаптар, тиркемелер, онлайн кызматтар  менен иштөөдө көп тажрыйба жана билим топтогонго жетиштим. Алар менен бөлүшкүм келди – балким, башкалар үчүн пайдалуу болоттур.

Ушул максатта мен телеграмда “ЖОЛ” аталышындагы каналымды ачып иштете баштадым. Минтип атаганым – каналым айрым нерселерди үйрөнүүгө ЖОЛ көрсөткүч боло алсын дегеним. Каналда негизинен акысыз колдонууга мүмкүн болгон пайдалуу IT аспаптар, программалар, кызматтар жана аларды колдонуу тууралуу материалдар жарыяланып турат.

Элди тажатпайын деп жумасына 2-3төн гана пост жарыялап турам.

Ал эми “ЖОЛ VIP” жабык каналымда кайсы бир аспапты, программаны колдонуу боюнча кененирээк материалдар жарыяланып турат. Ошондой эле бул каналга жазылгандар мени менен бетме-бет жолугушуп, суроолоруна жооп алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Эгерде сизди кызыктырса, жазылыңыздар:

“ЖОЛ” каналым

“ЖОЛ VIP” жабык каналым

Каналды алып барууда видеосабактарды жасоого туура келгендиктен, ютубда да ушундай аталыштагы канал ачтым – https://www.youtube.com/channel/UCg5np7Q6ttudc9893MLHBBQ

Каналдарыма жазылып, башкалар менен да бөлүшсөңөр ыраазы болот элем.

Аны менен катар мен көп жылдан бери WordPress контентти башкаруу системасын колдонуп, сайттарды жасап келем. Алардын айрымдары:

https://kmborboru.su/

http://adabiyat.kg/

http://alakan.biz/ 

Ошол билгендерим менен да бөлүшөйүн дедим эле. Кызыккандар болсо, кененирээк маалыматты бул жерден алаласыздар – WordPress-те сайт ачып иштеткиси келгендерге

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.