DOLON MEDIA

Кимге WordPress сайт керек?

Блог ачкыңыз келеби?

Ишканаңыздын (фирмаңыздын) сайты керекпи?

Жаңылык сайтын иштеткиңиз келеби?

Сайтты ачып, иштеткенди үйрөнүп, өзүңөр керектүү сайт ачып иштетсеңер болот. Учурда толтура керектүү окутуулар бар. Мен да WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча офлайн жана онлайн сабактарды өткөрүп келем.

Ал эми эгерде, окуп, үйрөнүп убара болгуңуз келбесе, буюртма берип сайт жасаткыңыз келсе мен кыялыңызды ишке ашырганга жардам бере алам.

Мен сайтты негизинен WordPress CMS же контенттүү башкаруу системасынын негизинде жасайм.

Дүйнө жүзүндөгү сайттардын үчтөн биринен көбү WordPress контентти башкаруу системасында (CMS) иштейт – башкача айтканда 43%. Төмөндө iTRACK компаниясынын акыркы маалыматы келтирилген.

CMSтердин рейтингде WordPress алдыңкы орунда
CMSтердин рейтингде WordPress алдыңкы орунда

Бул анын жөнөкөйлүгү жана ийкемдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Бул CMS-те сайт ачып иштетүү үчүн код жазууну сөзсүз эле билүүнүн кереги жок. Компьютерди колдонгонду жакшы билсеңиз жетиштүү болот. Ошондой эле анда каалагандай сайтты (жаңылык сайты, лендинг, интернет дүкөн, блог ж.б.д.у.с.) ачып иштетсе болот.

Мен ондон ашык сайттарды жасадым. Алардын ичинде 2008-жылдагы эң биринчи аракетим – Кыргыз маданият борбору.

Кийинкилеринен:

Көңүлүңөргө төп келген, чөнтөгүңөргө туура келген сайтты жасап бере алам! 🙂

Сайттын көрүнүшү, мүмкүнчүлүктөрү, баасы, мөөнөтү тууралуу бардык шарттарды өз ара сүйлөшүп макулдашабыз.

Сайтты гана жасап бербестен, сайтта иштөө, материалдарды туура, кооз кылып чыгаруу, керек болуп калса, материалдарды жазып, даярдоо боюнча да окутууларды өтүп бере алам!

Кайрылыңыздар:

[ads_color_box color_background=”#6e04d1″ color_text=”#ffffff”]

dosites777@gmail.com

0777 45 10 83

[/ads_color_box]

Сайттын баалары боюнча болжолдуу эсептер менен бул жерден тааныша аласыздар.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.