DOLON MEDIA

үч

Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун мааниси, ишке ашырылышы жана каржылоо маселелери жөнүндө билдирүү жасады. Бул тууралуу пикирин ал Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийинки сөзүндө айтты. Акылбек Жапаров бир күн мурун тиешелүү макулдашууну колдоп бергени үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу жана …

Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты Толугу менен »

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин …

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду Толугу менен »

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди

Бишкектин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан жети киши Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн арыз берди. Алардын бири аял, алтоо эркек экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 29-майда кабарлады. Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот. 2022-жылы аталган округдан мурда депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандаты быйыл апрелде жокко чыгарылган. Буга анын …

Кайра шайлоо: үч округдан 35 киши талапкерликке арыз берди Толугу менен »

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча 24-апрелде башталган баштапкы соттук угуу маалында чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу 25-апрелде аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан. Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, …

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты Толугу менен »