DOLON MEDIA

ЖОЛ

Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун мааниси, ишке ашырылышы жана каржылоо маселелери жөнүндө билдирүү жасады. Бул тууралуу пикирин ал Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийинки сөзүндө айтты. Акылбек Жапаров бир күн мурун тиешелүү макулдашууну колдоп бергени үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирип, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу жана …

Акылбек Жапаров темир жолго алынчу насыя мамлекеттин эмес, компаниянын мойнуна илинерин айтты Толугу менен »

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров 6-июнда Бээжин шаарында өткөн “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылуу жасады. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, Садыр Жапаров бул проектти ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя экенин, долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин …

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду Толугу менен »

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Оштогу сапарында айтты. Мамлекет башчы учурда өлкө темир жол логистикасында туңгуюк абалда турганын, кыргыз ишкерлери дүйнөгө Казакстан жана Орусиянын темир жолу аркылуу гана чыгып жатканын белгиледи. Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп алса, бул кыргыз мамлекети үчүн чоң жол болорун” билдирди. Кыргызстандын аймагы …

С. Жапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл башталат Толугу менен »

Ош, Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда

20-21-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда, Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында, Базар-Коргон, Сузак жана Токтогул райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Ошто бир киши каза тапканы кабарланган. Селден улам Ош облусунда чукул кырдаал киргизилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын, ал үчүн министрликтин жер-жерлердеги башкармалыктарынын …

Ош, Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда Толугу менен »

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым?

Жашоонун кызыгы, менимче, дайым бир нерсеге окуп, үйрөнүп, билбегениңди билүүгө такай умтулуп туруу болушу керек. Ошондо жашооң кызыктуу да, башкаларга пайдалуу да болот. Журналистика тармагында мен чейрек кылымдан беримин. Медианын бардык түрүндө (радио, ТВ, гезит, сайт) иштегенге жетиштим. “Журналисттер” коомдук бирикмесин 10 жылдай жетектеп, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө колуман келишинче салым кошконго аракет кылдым. Ушул жылдардын …

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым? Толугу менен »