DOLON MEDIA

Улуттук баалуулук

WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча жаңы окутууларыма жазылуу башталды

Көп жылдан бери багып келген кыялымды ишке ашырганы кириштим – WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча окутууларымды уюштуруп, өткөн жумада алгачкы окутууларды өткөрдүм. Менин билишимде, бул контентти башкаруу системасы боюнча биринчи кыргызча окутуу болду. Алгачкы окутуумда байкалган оң, тескери жактарын эске алуу менен курстун программасын кайра бир карап чыктым. Аны менен катар оффлайн жана онлайн окутууларды …

WordPress сайтты ачып иштетүү боюнча жаңы окутууларыма жазылуу башталды Толугу менен »

Телеграм каналдарым

Мен телеграмда ачып иштеткен каналдарым тууралуу кабар берейин дедим. Балким, алар сизди кызыктырып калаттыр: “Кыргыз Поэзиясы” – кыргыз акындарынын мыкты ырлары. Күнүнө бирден ыр жарыяланат. [ads_hr hr_style=”hr-zigzag”] “КЫСКА-НУСКА” – кыска көркөм чыгармалар (жаңы ачылды). Айрымдары 5-6 сөздөн, кээ бирлери 55 сөздөн гана турат. Бирок алардын бардыгында чыныгы адабий чыгармага мүнөздүү бардык сапаттар бар. Күнүнө 12:12де бирден кыска …

Телеграм каналдарым Толугу менен »

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 2

Мурдагы постто батыш өлкөлөрүнүн видеожыйындарды өткөрүү онлайн кызматтары тууралуу сөз кылган элек. Бул жолкусунда Орусия Федерациясынын компаниялары сунуштаган кызматтар тууралуу сөз болот. Алардын кызматтары мүмкүнчүлүктөрү жагынан кем калышпайт. Эң негизгиси – алар дээрлик бардыгыбыз жакшы билген орус тилинде, а демек аны колдонууда маселе жаралбашы керек. Webinar Meetings – орустардын Zoom-га окшош кызматы. Бул кызматтын акысыз …

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 2 Толугу менен »

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 1

КОВИД-19дан кийинки заманда алыстан иштөө кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок ишке байланыштуу маселе боюнча жамаат менен же жекеме-жеке бирөө менен жолугушуп, талкуу уюштуруу зарылдыгы уламдан улам чыгып турат. Болгондо да кайсы бир документти же материалды чогуу көрүп, талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар болсо. Төмөндө сунуштаган программаларда ушундай мүмкүчүлүктөр каралган. Zoom – бул кызматтын акысыз тарифинде 100гө чейин киши …

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 1 Толугу менен »

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым?

Жашоонун кызыгы, менимче, дайым бир нерсеге окуп, үйрөнүп, билбегениңди билүүгө такай умтулуп туруу болушу керек. Ошондо жашооң кызыктуу да, башкаларга пайдалуу да болот. Журналистика тармагында мен чейрек кылымдан беримин. Медианын бардык түрүндө (радио, ТВ, гезит, сайт) иштегенге жетиштим. “Журналисттер” коомдук бирикмесин 10 жылдай жетектеп, кыргыз журналистикасынын өнүгүүсүнө колуман келишинче салым кошконго аракет кылдым. Ушул жылдардын …

Эмне үчүн “ЖОЛ” каналымды ачтым? Толугу менен »

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору

Айрым учурда сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Жасалма интеллекттин (ЖИ) өнүгүүсү бул ишти жеңил эле бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берди. Эки онлайн кызматты сунуштайм. Экөө тең бирдей иштейт. Оңдоо керек болгон сүрөттү жүктөп, андан алынып салына турган нерсени белгилеп коёсуңар. Калганын ЖИ өзү жасап коёт. Биринчи жолу тазалаганда толук тазаланбай калса, аны дагы бир …

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору Толугу менен »

Акысыз видеоредакторлор

Айрым учурда эс алууданбы, же кайсы бир иш-чараданбы тартылган видеолордун негизинде кыска видео клипти жасоо зарылчылыгы пайда болуп калат. Акысыз, колдонууда жеңил видеоредакторлордун тизмегин сунуштайм. Clipchamp – онлайн видеоредактор, башкача айтканда аны копьютерге жүктөөнүн кереги жок, браузерде ачып иштей берсе болот. Анын акысыз тарифинде туурасы 720 пикселге чейинки видеолорду жүктөп алганга мүмкүнчүлүк берет. Бул өлчөмдөгү …

Акысыз видеоредакторлор Толугу менен »