DOLON MEDIA

Бүркүт

Сүрөттөн фонду оңой алып салуу жолу

Мурда сүрөттүн фонун алып салуу керек болгондо Фотошоп сыяктуу күчтүү программаларды колдонууга аргасыз болчубуз. Ал эми бул программа менен иштөө бардыгыбыздын эле колубуздан келбейт эле.

Учурда жасалма интеллектин өнүгүүсү (ЖИ) менен сүрөттөн фонду алып салуу кыйла жеңилдей түштү.

Мен ушундай мүмкүнчүлүктү берген 8 акысыз онлайн кызматты таба алдым. Аларды атайын тестирлөөдөн өткөрүп, төмөнкү кызматтарды сунуштайт элем:

https://icons8.ru/bgremover – катталуусуз 3 сүрөттүн фонун алып салууга мүмкүнчүлүк берет. Катталган адам каалаган сандагы сүрөт менен иштей алат. Мен тестирлеген кызматтардын салыштырмалуу эң жакшы жыйынтык бергени ушул болду.

https://www.fococlipping.com/ – жогорудагы кызматка салыштырмалуу жыйынтыгы бир аз начарырак болду. Бирок бул кызматтын артыкчылыгы – иштетилген сүрөттү кошумча, кол менен редакторлоого мүмкүнчүлүк берет. ЖИ канчалык “акылдуу” болбосун, бирок кээде айрым нерселерге акылы жетпей калат.

Калган кызматтардан салыштырмалуу жаман эмес жыйынтыктарды төмөнкүлөр беришти:

https://www.designify.com/

https://www.remove.bg/ru/

“ЖОЛ” каналыман алынды.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.