DOLON MEDIA

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 2

Мурдагы постто батыш өлкөлөрүнүн видеожыйындарды өткөрүү онлайн кызматтары тууралуу сөз кылган элек. Бул жолкусунда Орусия Федерациясынын компаниялары сунуштаган кызматтар тууралуу сөз болот. Алардын кызматтары мүмкүнчүлүктөрү жагынан кем калышпайт. Эң негизгиси – алар дээрлик бардыгыбыз жакшы билген орус тилинде, а демек аны колдонууда маселе жаралбашы керек.

Webinar Meetings – орустардын Zoom-га окшош кызматы. Бул кызматтын акысыз тарифинде 30га чейин адамга бир саатка чейин видеожыйын уюштурса болот. Кызматта катталуу керек.

Яндекс.Телемост – 40ка чейин адам чексиз убакыт видеожыйын өткөрө алат. Бул кызматты колдонуу үчүн уюштуруучуга Яндексте катталуусу керек (мисалы, почта ачуу аркылуу). Катышуучулар болсо катталбай эле аларга келген шилтеме боюнча жыйынга катыша алышат.

Видеозвонки VK – бул кызматты орустардын ВКонтакте коомдук тармагында катталгандар колдоно алышат. Видеожыйындын узактыгына, катышуучуларынын санына чектөө ЖОК. Жогорудагы кызматтагыдай, уюштуруучунун ВКонтакте тармагында аккаунту болушу керек, ал эми катышуучуларга ал сөзсүз эмес.

Видеозвонки Mail.ru – орустардын видежолугушууларды уюштуруу боюнча дагы бир платформасы. 100 адамга чейинки топко чексиз убакыт видеожыйынды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Уюштуруучунун Mail.ru кызматында почтасы болушу керек, ал эми катышуучуларга катталуу талап эмес.

Jazz – Орустардын “Сбербанкы” иштеп чыккан видеожыйындарды өткөрүү онлайн кызматы. Мурдагы постумда сөз кылган Jitsi Meet (https://meet.jit.si/) кызматы сыяктуу эле Jazz-ды колдонуу үчүн катталуунун кереги жок, дароо баштай берсеңер болот. Бир гана видеожыйындын аталышын жазыш керек болот. Убакыты боюнча чектөө жок, ал эми катышуучулардын саны 200дөн ашпашы керек.

ЖОЛ каналынан

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.