DOLON MEDIA

“Жылдыздуу жээк” түрк дүйнөсүндө

“Чыныбай Турсунбеков атындагы” фонд жаш акындарды колдоо үчүн акыркы эки жылда “Жылдыздуу жээк” фестивалын өткөрүп келишкен. Эми аталган фестиваль жаңы деңгээлге чыкты.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаш акындардын ортосундагы байланышты чыңдоо, чыгармаларын кеңири таратуу үчүн аянтча пайда болду.

Жакында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында беш тараптуу Меморандумга кол коюлду. Меморандумга Кыргыз Республикасынын Мааният, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук Адабиятты өнүктүрүү борбору жетекчиси Кожогелди Култегин, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ), Башкы Катчысы Султан Раев, Евразия жазуучулар союзу төрагасы Якуп Өмеруглу, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу, төрагасы Нурлан Калыбек жана “Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд” коомдук фондунун президенти Нуржан Тентимишева бирдиктүү иш алып баруу үчүн кол коюшту. Кол коюлган меморандум менен тараптар 5 жылга иш алып барышат. Тараптардын максаттары:

  • түрк өлкөлөрүнүн жана региондорунун маданий мурастарына салым кошкон поэзиялардын таланттуу жана жаш авторлорун колдоо боюнча
  • түрк элдеринин тилине жана түрк маданиятына болгон сүйүүнү тарбиялоо
  • түрк элдеринин мыкты поэтикалык чыгармаларын элге жайылтуу
  • түрк элдеринин маданий потенциалын сактоо, улуттук мурастарды өнүктүрүү
  • “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалын өткөрүү

Аталган тараптар ушул багыттарды кызматташып, иш алып барышат.

Эске сала кетсек белгилүү мамлекеттик ишмер, котормочу, илимпоз, акын, белгилүү ишкер, ЖК тин мурдакы төрагасы Чыныбай Турсунбеков мындан 2 жыл мурда 2020-жылы 60 жашында ковидден каза болгон. Нарын облусунда туулуп өскөн.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.