DOLON MEDIA

Акысыз сүрөттөрдүн кампалары

Учурда мурдагыдай жаккан сүрөттү интернеттен көчүрүп алып, аны колдоно берүү мүмкүн эмес. Автордук укукту коргоого катуу көңүл бурула баштады.

Мындайда акысыз сүрөттөрдүн кампалары жардамга келиши мүмкүн.

Loon.site – аталган сайтта Pexels, Unsplash, Pixabay, Flickr сыяктуу белгилүү сүрөт кампаларынан керектүү сүрөттү издегенге мүмкүнчүлүк бар. Аларды сайтта катталбай эле, каалаган максатта колдонуу үчүн акысыз жүктөп алса болот.

BURST – жогорку сапаттагы сүрөттөрдү катталбай эле жүктөп алып, аларды каалагандай колдонсо болот.

Free Stock Images – 100 минден ашык жогорку сапттагы сүрөттөрдү камтыйт. Аларды жүктөп алыш үчүн сайтта катталуунун кереги жок.

FreeMediaGoo – чакан, бирок толугу менен акысыз жогорку сапаттагы сүрөттөрдүн кампасы.

PicJumbo – жогорку сапаттагы, жеке же коммерциялык максатта колдонууга мүмкүн акысыз фотосүрөттөр.

Кыргызстанда азырынча акысыз фотокампалар жок. Бирок Photo.kg сайтынан Кыргызстанга, өлкөбүздөгү окуяларга байланыштуу сүрөттөрдү таап, аларды сайт ээсинин (КР Фотожурналисттеринин союзу) уруксаты менен (бекер же сатып алып) колдонсоңор болот.

Ал эми “Карикатура” сайтынан карикатураларды бекер көчүрүп алса болот. Бир гана аларды колдонуп жатып, карикатуранын авторун жана ал жүктөп алынган сайттын дарегин (https://karikatura.journalist.kg/) көрсөтүү зарыл.

“ЖОЛ” каналынан алынды

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.