DOLON MEDIA

Борбордук аянтта сүмөлөк кайнатылып жатат


Бүгүн, 20-мартта Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына үч боз үй тигилип, сүмөлөк кайнатылып жатат. Сүмөлөк  кайнатуу жөрөлгөсүнө облустук, райондук, шаардык бийлик өкүлдөрү баштаган бир катар мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Сүмөлөк кайнатууну Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөтү колго алган. Аянтка от жагылып казан асылып, алгач  өлкөбүзгө өнүгүү, өсүү, кырман толо дан, өрүш толо мал болуусу тилек кылынып куймак бышырылып, куран окулду. Андан соң сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсүнө келгендер казанга сүмөлөк  кайнатууга даярдалган азыктарды салышып, бата беришти.

Ал эми  Нарын шаардык мэриясы тарабынан чач өрүү салты жасалып, манас айтылып, беш таш оюну ойнотулуп, шардак шыруу боюнча мастер класс көрсөтүлөт. Ошондой эле  аркан тартыш, ордо оюндары ойнотулуп маданият кызматкерлеринин концерттик программалары менен коштолот. Сүмөлөк эртең, 21-мартта Нооруз майрамында аянтка келген меймандарга таратылат. Ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтү жана №2025 Тайлак Баатыр атындагы аскер бөлүгү дагы сүмөлөк даярдашууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.