DOLON MEDIA

Нарын шаарындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптардын жетишсиз

Нарын шаарындагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепке музыкалык аспаптардын жетишсиз. Бул тууралуу аталган окуу жайдын  мугалими Шабдан Аманкулов билдирди.

Анын айтымында, мектепке окууну каалагандар окуучулардын саны көп. Бирок музыкалык аспаптардын жетишсиздигинен мектепке кабыл алынган окуучулардын санын чектелүү болууда.

“Ушул маселени чечиш үчүн элдин колундагы эски музыкалык аспаптарды чогултуу демилгесин көтөрүлгөн. Жыйынтыгында эки фортепиано мектепке бекер келди. Дагы беребиз дегендер да бар. Азыр эки фортепианону Нургүл Бейшеева жана Акжол деген агайыбыз берди. Бир аз ремонт керек экен”, – деди Аманкулов.

Учурда бул мектепте 200дөй окуучу музыка сабагынан билим алат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.