DOLON MEDIA

Кыска жаңылыктар

Сүрөт баян: Муз аянтында жаштар акысыз муз тебишти

Нарын шаарындагы Ташболот Токтосунов атындагы заманбап муз  аянты Нооруз майрамына карата эки күн бою акысыз кызмат көрсөттү. Эл аралык талапка жооп берген хоккей аянтын курууга Нарын шаардык мэриясы 62 сотых жер аянтын бөлүп берген.  Курулуш иштери 2015-жылдын күз айында башталган. Имарат жеңил конструкция менен салынган жана музду жылмакайлап туруучу атайын техника сатылып алынган.

Сүрөт баян: Нарын шаарында Нооруз майрамы белгиленди

21-мартта Нарын шаарынын аянтта Нооруз майрамы белгиленди. Аянтка миңге чукул адам чогулуп, театралдаштырылган оюн-зоок жана концерттик программага күбө болушту. Майрамдын иш-чарага Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов жана шаар мэри Канболот Тутуев катышты. Концерттик программада балдар бий топтору, музыкалык ансамблдер жана ыр-бийлер тартууланды.

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу ал 21-мартта президент Садыр Жапаровдун атынан Нарын шаарында Нооруз майрамы менен куттуктоо сөзүндө айтты. «Президенттин 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасы боюнча жарлыгы чыкты.Учурда бул маселеге министрлер кабинети олуттуу көңүл буруп, бардык аракеттер көрүлүүдө. Улуттук программанын алкагында Нарын облусунда …

Министр Кудайберген Базарбаев Нарын облусун өнүктүрүү пландары тууралуу маалымат берди Толугу менен »

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет

Нарын шаарынын  Ленин атындагы борбордук жолун талапка ылайык келтирүү менен туурасын 15 метрге кеңейтүү, С. Орозбаков көчөсүн Жаңы-Жол аймагына чейин улоо жана ички көчөлөрдү асфальттоо боюнча долбоорлоо жумуштары башталды. Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы тараткан маалыматка таянсак, буга чейин топографиялык изилдөөсү (топосеьемка) алынып, болжолдуу даярдалган долбоорду толуктоо менен иш алып барылат. Долбоордо жалпысынан 29 чакырым …

Ленин атындагы борбордук жолдун туурасы 15 метрге кеңейтилет Толугу менен »

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн жамааты жаныбарлардын образында ишембиликке чыгышып, айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтышты. Алар  мындай образ менен жарандарга жакшы маанай  тартуулоо менен шаардын тазалыгына ар бир жаран салым кошуп жана жалпы ишембиликке  жашоочулардын көңүлүн бурдуруу максатында чыгышканын  Нарын шаардык мэриясынын маалымат катчысы Нурзада Мукашова  билдирди. Жаныбарлардын кийимин кийген маданият кызматкерлери өзөрүнө бөлүнгөн аймакты тазалоодон сырткары шаар …

Жарандардын көңүлүн тазалыкка буруу максатында жаныбарлар ишембиликке чыгышты Толугу менен »

Айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтуу акциясы баштады

Нарын облусунун калктуу конуштарынын санитардык жана экологиялык абалдарын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, бак-дарактарды тигүү, парк, скверлерди уюштуруу боюнча үч айлык акция жарыяланды. Анын алкагында, 18-марттан башап  Нарын облусунун бардык аймактарында ишембиликтер өткөрүлүп, айлана-чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүргүзүү колго алынды,-деп билдирди Президенттин Нарындагы өкүлүнүн маалымат кызматынан. “Ишембиликке облус жетекчиси Алтынбек Эргешов баш болуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн …

Айлана-чөйрөнү таштандылардан арылтуу акциясы баштады Толугу менен »

Нарын: “Өз билемдик менен үй куруп алгандар жок”-С.Белекова

КР “Жер укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Нарын районундагы 15 айыл өкмөтүнөн 311,3 гектар жер аныкталган. Аныкталган жер аянттарына 345 турак жай курулуп, 4 турак жайдын пайдубалы түптөлгөн. Бул тууралуу Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  Экономиканы өнүктрүү бөлүмүнүн башкы адиси Салтанат Белекова билдирди. Анын айтуусунда, бул жарандар  турак жайларды өзү билемдик менен куруп алгандар …

Нарын: “Өз билемдик менен үй куруп алгандар жок”-С.Белекова Толугу менен »

Нарында кургак учук оорусун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

17-мартта Нарын шаарында кургак учук оорусун алдын алуу жана ооруну эрте аныктоо  максатында жарандарга  акысыз текшерүү жүргүзүлдү. Иш-чара Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борбору жана “Кызыла ай” коомунун Нарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду. Маалыматка ылайык, мындай акция Бүткүл дүйнөлүк Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлгөн. Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун башчысы Нурия …

Нарында кургак учук оорусун алдын алуу иштери жүргүзүлдү Толугу менен »

Кыргызстанда фейк жаңылыктар тууралуу түрк стилинде тамашалуу сериал тартылууда

Кыргызстанда фейк жаңылыктар тууралуу түрк стилинде тамашалуу сериал тартылып баштады. Тасма Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин жана DW Akademie Europe жана Борбордук Азиянын каржылык колдоосунда “Медиа Сабак” коомдук фонду тарабынан тартылууда. “Медиа Сабак” коомдук фондунун программа боюнча адиси Кундуз Жекшен кызынын айтымында, сериал жалпы 17 бөлүмдөн турат.  Долбоорго кыргызстандык белгилүү инфлюзерлер катышат. …

Кыргызстанда фейк жаңылыктар тууралуу түрк стилинде тамашалуу сериал тартылууда Толугу менен »

Нарын шаарынын мэри менен шаардык салык кызматынын башчысы жоопко тартылды

Нарын шаарынын мэрине менен шаардык салык кызматынын башчысына 10 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу 17-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы “Долон Медиага” билдирди. Мекемен маалыматына ылайык, мындай чечимди облустук прокуратурасы Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевди жана салык бөлүмүнүн башчысын Салык кодексинин ККМ колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн кабыл алган.  «“Укук …

Нарын шаарынын мэри менен шаардык салык кызматынын башчысы жоопко тартылды Толугу менен »