Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык борборлоштурулган китепканасында “Интернетсиз күн” деп аталган иш-чара өтүп, ага 7-класстын окуучулары чакырылган.
Анда китепкана кызматкерлери окуучуларга интернеттин пайдалуу жана зыяндуу жактарын бөлүп көрсөтүп, интеллектуалдук оюндардын жардамы менен балдарды гаджеттерди туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.