DOLON MEDIA

Коом

Жумгал: Эки ай бош турган орунга А.Набиев келди

Эки айга чукул бош турган Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким  кызмат ордуна Набиев Адыбек Асанович дайындалды. Аны  КР Президентинин уюштуруу жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Камчыбек Кускаков жана дубан башчынын биринчи орун басары Адыл Сапаров жамаатка тааныштырды. Адыбек Набиев 1968-жылы Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Орто-Боз айылында туулган. Буга чейин Баткен …

Жумгал: Эки ай бош турган орунга А.Набиев келди Толугу менен »

Нарын: Аруукенин ата-энесине акчалай жардам берилди

Нарын районунун акиминин орун басары Анара Орозказиева Орто-Нура айылында өлтүрүлгөн 7 жаштагы Аруукенин ата- энесинен кабар алды. Ата-энесине көңүл айтып, райондук мамлекеттик админстрациядан 10 миң сом акчалай жардам тапшырды. Жөлөк пул алган үй-бүлөнүн тамынын документи бүтө элек. Ага жардам берүү боюнча үй ээлери менен сүйлөшүлдү.  Аны менен катар райондогу алыстан барып келип окуган окуучулардын саны …

Нарын: Аруукенин ата-энесине акчалай жардам берилди Толугу менен »

Режиссёр Шамбет Мендебаиров дүйнө салды

М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрынын режиссёр-коюучусу Шамбет Мендебаиров 51 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Мендебаиров Шамбет Кенжегулович 1972-жылдын  22-август айында Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун  Чаек айылында  туулган. 1997-2003-жылы Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун “Театр жана кино” факультетинин …

Режиссёр Шамбет Мендебаиров дүйнө салды Толугу менен »

Айт намаз борбордук аянтта окулат

Нарын казыятынан билдиришкендей, айт  намазы Нарын шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта окулат. Намаз 21-апрелде саат 7-30 да башталат. Нарын облустук казыяты орозо айт намазына жарандарды кечикпей келүүгө чакырат. Намаздан кийин  жарандар жаш өзгөчөлүгүнө жараша топ-топко бөлүнүп алышып, үйлөргө кирип айтташат.  Ар бир үйдөн даам ооз тийишип, өлгөндөргө куран түшүрүшөт.

Кызматташтык: Ханнс Зайдель фонду менен мемарандумга кол коюлду

Дубан башчы Алтынбек Эргешов Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси, доктор Макс Георг Майер мырзаны кабыл алды. Өкүлдүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жолугушууда билим берүү тармагында тыгыз кызматташуу, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу, Германия өлкөсүнүн мамлекеттик, муниципалдык системасы боюнча тажрыйба алмашуу иш чараларын уюштуруу багытында сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу …

Кызматташтык: Ханнс Зайдель фонду менен мемарандумга кол коюлду Толугу менен »

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт

Өлкө башчынын  “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” Жарлыгынын  алкаганда, Нарын облусундагы 63 айыл аймагынын саны кыскарып 27 айыл аймагы түзүлөт. Нарын облусунда пиолттук негизде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформаны ишке ашырууда, айыл аймактарына колдоо көрсөтүү максатында Министрлер Кабинетине  караштуу  Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттиги тарабынан …

63 айыл өкмөтү биригип, 27 айыл аймагы түзүлөт Толугу менен »

Электриктерге жаны техникалар тапшырылды

«Кыргызстандын Улуттук электр түйүндөрү» ААКнун филиалдарына жаны атайын техникалар тапшырылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алынган SHANMON экскаваторлорунун жана атайын автоунаалардын жалпы суммасы 32 млн сомдун тегерегинде. Атайын автоунаалар Жалал-Абад, Ош, Нарын электр тармактар ишканаларына бөлүнүп берилди.

Ак-Талаа: Жогорку баллга 100 миң сом

Баетов айыл өкмөтү 2022-2023 –окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган окуучунун мектебин сыйлайт. Ал үчүн Баетов айылынын жергиликтүү бюджетинен 100 мин сом бөлүнөт. Аталган айыл өкмөтү бекиткен жободо сынактын максаты, 11-класстар арасында мыкты окуучуну жана  мыкты мектепти аныктоо болуп саналат. Эске сала кетсек, Нарын шаарынын мэри да жакшы балл алган окуучунун мугалимине автоунаа …

Ак-Талаа: Жогорку баллга 100 миң сом Толугу менен »

Шашылыш билдирүү, айдоочулар абайланыздар!

Кыргызгидромет кызматы тараткан маалыматка ылайык 19-20 апрелдерде күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу ашууларда кар көчкүсү түшүшү ыктымал. Маалыматта айтылгандай, бул күндөрү тоолуу райондордун ашууларында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Ал эми ӨКМ зарылдык болбосо жолго чыкпай турууну, жолго чыкса чынжырча, дары дармек топтомун, ысык суу ала жүрүүнү сунуштайт.

Бишкектик догдурлар Нарында

Үстүбүздөгү жылдын 18-22-апрель аралыгында Бишкектен келген дарыгерлер Нарын шаарынын жана Нарын районунун жашоочуларын акысыз көрүшөт. Бул маалымат Нарын облустук бириктирилген ооруканасынан алынды. Догдурлар Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кабыл алуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт (мурдагы райондук оорукана). Курамында онко-гинеколог, онко-маммолог, эндокринолог,гастроэнтеролог жана онколог бар, алардын кабыл алуусуна кирүү үчүн алгач кабылдамадан тиешелүү дарыгерге талон жаздырып алып, кезегиниз …

Бишкектик догдурлар Нарында Толугу менен »