DOLON MEDIA

TALKUULOO долбоору Нарында

TALKUULOO -долбоору жакында Нарын шаарында болду. Долбоор боюнча Нарын  жана Жалал-Абад шаарларындагы 4
мектептер камтылып,  80-100гө жакын 14 жаштан 18жашка чейин жаштар жана 12 мектеп мугалимдери окутулган.
Пландарда долбоордун иш-чараларына барган сайын көбүрөөк жигердүү жаштарды тартуу менен аудиториясын дагы да кеңейтүү. Долбоордун алкагында бир катар тренингдер жана иш-чараларөткөрүлүп, жаштардын дебатка жана жарандык активдүүлүккө керектүү көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул иш-чараларга, мисалы,мугалимдер үчүн окуучулар менен кантип барлашуу жана биргелешкен иш пландарды иштеп чыгууну үйрөтүү үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлгөн. Долбоордун катышуучулары үчүн төмөнкү тренингдер өткөрүлдү: биринчиси – команда түзүү жана лидерликти үйрөтүүгө, экинчиси дебат технологияларын окутууга, өздөштүрүүгө багытталган. Дебат клубдарынын демилгелерин колдоону улантуу менен жаштардынмүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын дебаттык турнирлери, жаштар коомчулугунун демилгелери,спорттук мелдештер жана региондор арасында онлайн дебат турнирлери сыяктуу иш-чаралардыөткөрүү пландаштырылууда.
“Жаштар өз өлкөсүнө да, коомчулугуна да тең укуктуу түрдө салым кошууга абдан
кызыкдар”, – дейт долбоордун координатору Айкут Дунанбаев

TALKUULOO- Кыргызстан жаштарынын активдүүлүгүн жана лидерликти колдоого багытталгандолбоор. Бул жаштарга бир гана көндүмдөрдүн жана билимдердин жыйындысын эмес, алардынпикири маанилүү экенине жана аны уга турганына ишенимди да берет.

Бул демилге IDEA CA тарабынан Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин колдоосу
менен ишке ашырылууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.