DOLON MEDIA

Кыргызстандагы мектептер санарип окууга өтөт


1-сентябрь жаңы окуу жылынан баштап Кыргызстандагы мектептердин 50 пайызы санариптик окууга  өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Нарын облусундагы мектептердин деректирлери үчүн өтүп жаткан “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” деп аталган окутууда билдирди.

Бул үчүн алгач мугалимдерди даярдоо  жана мектептерди компьютер, интернет  менен жабдуу турат зарылдыгы турат.

“Быйыл буюрса  билим берүүдө жаңы сапаттык деңгээлге өтөбүз. Биз 3D форматында билим берүүгө өтүү максатында мугалимдерди жайында үч ай бою  Дүйнөлүк Банктын колдоосунда санарип билим берүүнүн Mozaik платформасы менен окутууга үйрөтөбүз. 1-сентябрдан баштап Кыргызстандагы мектептердин 50 пайыз санариптик окууга  өтөт. Ал эми келерки жылы кыргыз тили жана адабияты, кыргызстандын тарыхы, географиясы сабактары дагы өткөрүлүп, өлкөдөгү бардык мектептерде бардык сабактар толук  3D форматына өткөрүлөт.  Санарип окуу системасына кирген мугалимде, окуучуда сөзсүз билим ресурсу күчтүү болот.

Ошондой эле 2022-2023-окуу жылында Нарындагы мектептерге Дүйнөлүк Банк аркылуу компьютерлер берилген. Эми министрлик дагы 40 билим уяга 200 компьютер берип жатабыз. Муну менен буюрса Нарында мектептерди компьютерлештирүүдөн маселе болбойт.  Андан тышкары жаңы окуу жылына карата  китептерди алып беребиз.  Кыргызстан боюнча 250 дөй мектеп тоолу айылдарда болгондуктан интернетке байланыштуу көйгөй бар, бирок  аны толук чечебиз”,-деди К.Иманалиев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.