DOLON MEDIA

Мыйзамсыз ээлеп алган жерлер кайтарылууда


Нарын шаарында өзүм билемдик менен ээлеп алып ар кандай курулуштар курулган жерлер мыйзам чегинде бошотулууда. Буга чейин шаардын 3 миңге жакын тургундарынан мындай жерлер аныкталып, натыйжада 3 миң 860 чарчы метр жер аянтындагы курулуштар бузулуп, баштапкы абалына келтирилди. Жумуштар Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калккка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылууда.

Ишкананын салык инспектору Ислам Зулхариновдун айтуусунда, жумуштар  Президенттин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” № 109 Жарлыгынын алкагында аткарылууда. Жарлыкка ылайык мыйзамсыз деп табылган курулуштардын ээлерине жалпы 193 билдирүүлөр берилген. Анын ичинен билдирүүнүн талаптарын 107 жаран аткарып,  өз каалоолору менен куруп алган кошумча курулуштарын, тосуп алган тосмолорун бузушкан.

Ал эми берилген билдирүүнүн талаптарын аткарбагандар сотко берилип жатат. Негизинен көбү ишти сотко жеткирбей,талаптарды түшүнүү менен кабыл алышууда. Мыйзамсыз тосуп алган жерлерди аныктоо иши азыркы күндө дагы жүрүп, эскертүүлөр жөнөтүлүп, мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери уланууда.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.