DOLON MEDIA

ЖРТдан төмөн упай алган бүтүрүүчүлөрдүн мектебине, мугалимине, билим берүү бөлүмүнүн башчыларына чара көрүлөбү?


Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң төмөн упай алган окуучулардын мугалимдерине, мектеп директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына чара көрүлөт. Бул тууралуу 10-майда Билим берүү министри Каныбек Иманалиев облус башчысы Алтынбек Эргешов менен жолугушууда билдирди. Ошондой эле министр К.Иманалиев облустагы 143 мектептин деректирлери үчүн “Билим берүүдөгү натыйжалуу менеджмент” деп аталган эки күндүк окуунун башталышында сөз сүйлөп, анда дагы өткөн окуу жылында ЖРТдан Кыргызстандагы мектептердин ичинен Жумгал району эң артта экенин белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн 83 пайызы төмөн упай алганын айтты.

Жолугушууда министр Ноокат районунда бир мектептен 9 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болгонун айтып, Нарын облусундагы билим сапатын жакшыртууга кызыккан мектеп директорлорун Ноокат районуна  тажрыйба алмашууга жөнөтүүсүн өтүндү.

Ошондой эле орто мектептердеги ата-энелер фонддорун “Теңир Тоо” фондунан каржылап берүүнү карап көрүүсүн сунуштап, мындай кадам элдин “мектептер акча чогултат” деген нааразычылыгын жоюп, башка облустарга да үлгү болоорун, келечекте бул маселе мамлекеттин бюджетинен каржылоого сунушталаарын айтты.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов сунуштар эске алынаарын билдирди. Чындыгында эле билим сапаты төмөндөп кеткенин, билим берүүдөгү Турдакун Усубалиевдин ыкмасын колдонуу бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып баруу зарылдыгына токтолду.

Мындан сырткары Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң төмөн упай алган окуучулардын мугалимдерине, мектеп директорлоруна, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына чара көрүү боюнча сөз болду”,-дейт өкүлдүн маалымат кызматынан. Мындан тышкары Нарын мамлекеттик университетине медицина факультетин ачууну ишке ашыруу боюнча да сүйлөшүүлөр болду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.