DOLON MEDIA

Таза жана саркынды суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүрүүдө


Нарын шаарында ЕБРРдин  “Нарын шаарын суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү” долбоорунун алкагында курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө.  Долбоорго ылайык 6800 метр таза суу, 1800 метр саркынды суу түтүктөрүн тартуу жумуштары жасалат. Учурда шаардын 64 аймагынан Ат-Башы көчөсүнө чейинки аралыкта тиешелүү жумуштар жүрүүдө.

“Нарын шаарында ЕБРРдин долбоорунун экинчи фазасы менен таза суу жана саркынды суу тутумдарын оңдоо иштери жүрүп жатат.  Буга байлныштуу  жумуштар жасалып жаткан жолдор аймак боюнча  жабылууда.  Учурда  шаардын 64 аймагынан Ат-Башы көчөсүнө чейинки жол жабылып, жумуштар жүрүп жатат. Иш апрель айында башталган. Долбоордун наркы 1  097000 евро. Жумушту тендерден утуп алган  “Профит Экспресс”  ишканасы аткарып жатат”,-деди Нарын шаардык мэриясынын басам сөз катчысы Нурзада Мукашова.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.