DOLON MEDIA

“Хан Тенгри-Аква” ден соолукту чыңдоо борбору курулат

Нарын шаарына заманбап шарттары  менен “Хан Тенгри-Аква” ден соолукту чыңдоо борбору жарым олимпиадалык  бассейни менен салынат.  Акыркы үлгүдөгү, жашыл технологияны колдонуп,  эл аралык стандарттарга ылайык  курулган бассейнде эң негизгиси суунун тазалыгын жана жылуулугун камсыздоо ыкмалары колдонулат. Бул тууралуу Нарын шардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы наркы 80 миллион сомдук заманбап типтеги бассейин куруу долбоору ишкерТаалай Карпеков тарабынан демилгеленип, Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна сунушталды жана ишкер өз каражатын да жумшоону көздөп жатат.

Эс алуунун популярдуу ыкмаларын базасына камтыган бассейнде ден соолукту чыңдоочу бөлүмдөр, жуунуу, тамактануучу жайлар (массаж, туздуу блоктор, хамам мончосу, SPА- салону,  кафетерий) болуп, заман талабына шайкеш  шарттарды түзүү пландалууда.

Жарым олимпиадалык бассейндин узуну  25 метр, 5 жолдуу болуп, сууга сүзүү боюнча чоңдор жана балдар үчүн  сабактар уюштурулат. Күнүгө 200 адамга чейин кабыл алууга ыңгайлашат жана тейлөөчү адистер  атайын даярдалат.

“Хан Тенгри-Аква” ден соолукту чыңдоо борборунун курулушу шаардын социалдык-экономикалык, инфраструктуралык жактан өнүгүшүнө зор салым кошуп жумушчу орундар түзүлөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.